Turmush — Манас шаардык кеңешинин сессиясында депутат Алымбек Нурмаматов мурунку мэр Эрнис Ормоковго депутаттар көп каяша айтып сүйлөй албай келишкенин билдирди.
Анын айтымында, мурунку мэр калаадагы мекеме жетекчилерин коргоп, ар дайым өзү жооп берген. Депутат Манас шаарынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти менен жашылдандыруу мекемесин бириктирүү керек экенин, ошондо жашылдандыруу багытында иштер эффективдүү болоорун айтты. Ошондой эле шаардагы мекеме жетекчилерин кийинки сессияларга даярдык менен келүүгө чакырды.
«Чын айтуу керек, мурунку мэрге көп каяша сүйлөй албайт элек. Камераларды өчүртүп, урушуп койгон учуру да болгон. Мекеме жетекчилерине суроо берсең, "мен жооп берем" деп канатына калкалай берчү. Жетекчилер өздөрү көтөрүп келген токтомду өзү түшүнбөгөн учурлар болгон. Ар бир мекеме жетекчиси өзү жооп бериш керек. Мэрдин калкалоосунда болбош керек», - деди Нурмаматов.
-
Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен 2026-жылдын февраль айында Маткаликов Абдупата Жороевич Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри болуп дайындалган.
-
Манас шаарынын мэри кызматын 2020-жылдан бери аркалап келген Ормоков Эрнисбек Абдижалилович президенттин тескемесине ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.