Turmush — Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети билим берүү тармагындагы өнөктөштүгүн кеңейтүү багытында маанилүү кадам жасады. Университет «Рекорд» жана «Секом Ош» окуу борборлору менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол койду.
Меморандумдарга ылайык, тараптар абитуриенттерди сапаттуу жогорку билим алууга багыттоо, билим берүү системасындагы өз ара байланышты чыңдоо жана жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында биргелешип иш алып барышат.
Кол коюу аземине «Рекорд» окуу борборунун директору Шекербек Нишанов жана «Секом Ош» окуу борборунун директору Саитали Ормонов катышып, өз мекемелеринин атынан кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор А.А.Мамасыдыков жана окуу борборлорунун жетекчилери билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мектеп, окуу борбору, университет жана ата-энелер ортосундагы тыгыз байланыш өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Ошондой эле, жаштарга туура багыт берүү, алардын келечектеги кесиптик тандоосуна колдоо көрсөтүү башкы артыкчылык экендиги айтылды.
Кызматташуунун алкагында абитуриенттер үчүн маалыматтык форумдар, жолугушуулар, университетке таанытуу сапарлары, сынамык тесттер жана ар кандай билим берүү иш-чаралары уюштурулат. Мындан тышкары, университет тарабынан аудиториялар, спорттук аянтчалар, жатакана жана башка инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга шарт түзүлөт.
Бул меморандумдар сапаттуу билим берүүгө багытталган туруктуу өнөктөштүктүн башаты болуп, келечектеги студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.