Turmush — Ош облусунун Араван районунда 3 ок атуучу куралдын ээсине айып пул салынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Араван районунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыз, кылуу куралга байланышкан мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында «Арсенал» аталышында рейддик иш чара өткөрүлдү. Анда мыйзамсыз сакталган куралдарды аныктоо, каттоодо турган куралдарды сактоо эрежелерин текшерүү боюнча иш алып барылды.
Жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында куралды сактоо жана каттоо тартибин бузгандыгы үчүн 3 жаранга айып пул салынып, 2 даана курал убактылуу РИИБдин карамагына алынды.