Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарындагы автобекеттин кире беришине өткөрмө пункт курулуп жатат. Бул тууралуу «Коммуналдык ишканалар комбинаты» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Канчоро Акматбек уулу билдирди.
Анын айтымында, өткөрмө пункт аталган ишкана тарабынан автобекетти санариптештирүү максатында мэр Максат Нусувалиевдин көрсөтмөсү менен курулууда.
«Бул өткөрмө пункт санариптешкен, төлөм терминал аркылуу жүргүзүлөт. Адамдын кийлигишүүсү жок, автоматтык түрдө төлөнөт. Өткөрмө пунктта автоунаанын канчада кирип, канчада чыкканы эсептелип, жеңил автоунаабы же оор жүк ташыган автоунаабы, аны аныктайт. Бир күндө канча автоунаа кирип-чыкканы эсептелинет. Бул өзгөчө эсептегич. Мындай өткөрмө посттон экөө болот», - деди Канчоро Акматбек уулу.
---------------------------------------------------
2024-жылдын август айында УКМК Токмок шаарындагы автобекет мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталганын билдирген.
«Автобекет 1997-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген. Ошол эле учурда мамлекеттин 30% үлүшү бар болчу, бирок мамлекет «Токмок ПАТП» ААКтын ишмердүүлүгүнөн эч кандай дивиденд алган эмес.
Акционерлер автобекет мыйзамсыз менчиктештирилгенин моюнга алып, базар баасы 117 млн сомдон ашкан объектти: жер тилкеси жана административдик имаратты өз ыктыярлары менен мамлекеттин балансына өткөрүп беришти», - деп айтыган расмий маалыматта.