Turmush — Нурбек Сагынбек уулу Токмок шаардык муниципалдык менчик башкармалыгын жетектеди.
Мэриянын маалыматы боюнча, ал аталган кызматка өзүн-өзү башкаруу органдарындагы ротациянын негизинде 2023-жылдын 8-августунда дайындалды.
Буга чейин Нурбек Сагынбек уулу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.
Ал учурда департаменттин башчысы Нусувалиев Максат Орозбекович болчу. Учурда ал Токмок шаарынын мэри болуп иштеп жатат.
Н.Сагынбек уулу 1992-жылы 8-апрелде туулган.
Резюмесин жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в YouTube — подпишись!
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.