Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жараны, коомдук ишмер, АКШда иштеп жүргөн Тургунбек Оторов каза тапты. Бул маалыматты анын иниси Надырбек Табрисов тастыктады.
Анын айтымында, Тургунбек Оторов алгач коронавирус илдетинен айыгып, инсульт оорусунан улам көз жумган. Маркумдун сөөгү 26-январь күнү Байгөнчөк айылында жерге берилери маалым болду.
Оторов Тургунбек Табрисович 1962-жылдын 24-июнунда Ак-Кыя айылында туулган. 1969-1979-жылдары орто мектепте, 1979-1984-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда билим алган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Кененирээк Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыздар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.