Turmush — Чүй облусунун Москва районунда акимдин орун басары орду бош калды.
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары Мекешова Назгүл Барктабасовна Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескеме ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Ал башка кызматка дайындалды.
- Ал акимдин орун басары кызматында 2025-жылдын 1-декабрынан бери иштеп келген.
Назгүл Мекешова Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 20-апрелде шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Ал 1982-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында төрөлгөн.
Билими:
- 2003-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият институтун артыкчылык менен аяктаган;
- 2008-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 2003–2007-жылдары — «Эл чыгармачылыгы» дирекциясында башкы адис, сектор башчысы;
- 2007–2016-жылдары Маданият жана маалымат министрлигинде адис, башкы адис, начальниктин милдетин аткаруучу;
- 2016–2021-жылдары — Өкмөттүн аппаратында эксперт;
- 2021–2024-жылдары — Президенттин администрациясында эксперт;
- 2024-жылы — Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;
- 2025-жылдын 1-сентябрынан баштап 2025-жылдын 1-декабрына чейин — КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери.