Turmush — Каракол шаарынын тургуну Перизат Акматова балдар чыгармачылык борборунда (ДОЦ) мугалим болуп эмгектенет. Ал бул жерде кыздарга кыргыздын унутта калып бара жаткан нукура узчулугун үйрөтүп, чий согуу, сайма саюу, кийизден ар кандай буюмдарды жасоо боюнча билим берет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Перизат Акматова 1978-жылы 27-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. Үй-бүлөдө 13 бир туугандын тогузунчусу. Аны чоң энеси тарбиялап, кичинекейинен уузчулукка үйрөткөн.
«Апам 1-класста окуп жүргөндө каза болуп калган. Ошондон улам бизди чоң энем тарбиялады. Үйдө 10 кыз болгондуктан, чоң энем бизге кичинекейибизден жүн сабоону, шырдак шырууну үйрөттү. "Мойнуңарга мончок түшөт" деп айтса, ага ишенип алып жүн тытчубуз. Өзүбүздүн ала кийиз, шырдак өңдүү себибизди өзүбүзгө даярдатчу. 98 жашка чыгып дүйнөдөн кайтканча дээрлик баарын үйрөтүп кетти десем болот», — деди ал.
Ал Кара-Суу орто мектебин аяктагандан кийин Каракол шаарына жогорку билим алууга келген. Студенттик күндөрү өткөн бул шаар ага жагып, кийин жолдошу менен Ысык-Көлдүн борборунда жашап калган.
«Кыргызда айткандай, 1 пайыз талант болсо, 99 пайыз эмгек керек. Чоң апамдан үйрөнгөн өнөрүмдүн арты менен К.Тыныстанов атындагы университеттин көркөм сүрөт факультетин 2001-жылы бүтүрдүм. Кол эмгек менен алектенип жүрүп, борбордун мурдагы жетекчисинин чакыруусу менен Каракол шаардык балдар билим берүү борборуна иштеп калдым. 2012-жылы "Алтын оймок" деген ийрим ачып, ошондон бери кыздарга бул өнөрдү үйрөтүп келем», — деди ал.
Анын айтымында, бул жерде кыздарга чий согуу, сайма саюу жана кийиз менен иштөөнү үйрөтөт. Анын окуучуларынын арасында бул өнөрдү улантып кеткен бүтүрүүчүлөр да бар.
«Кыздар абдан кызыгышат. Алардын арасында сүрөтчү, дизайнер, уз-чебер болгон кыздарыбыз бар. Ар кандай сынактарды багындырып келебиз. Эл аралык сынактарда жеңип, эмгектери каталогдорго кирген окуучуларым менен сыймыктанам», — деди ал.
Перизат Акматова кичинекей кыздарды кол өнөрчүлүккө үйрөтүү абдан кызыктуу экенин айтат. Анткени алардын өз колу менен жасаган ар бир буюму баалуу.
«Кыздар сабакта жасаган буюмдарын үйлөрүнө алып кетип, ата-энелерине көрсөтүшөт. Кийинки сабакта мен алардан ата-энеси кандай кабыл алганын сурап калам. Бир жолу Ак калпак күнүндө кыздар сувенир жасаган. Ошондо бир кызым: "Менин калпагымды көрүп, атам апама “карачы, сен ушул убакка чейин ийне кармаганды билбейсиң, кызым болсо калпак жасап келиптир" деп айтты" деп баарыбызды күлдүргөн«», - деди ал.
Мугалим сабак учурунда өзү жазган акыйнектерди, жомокторду да колдонот. Айрыкча анын жеке турмушуна байланышкан “Алтын оймок”, “Ийне менен жип” аттуу жомоктору балдарга өзгөчө жагат.
«Иш-чараларга акыйнектерди да кыргыздын уз-чебер кыздары менен чоркок кыздарына ылайыктап жазып берем. Бир жолу иш-чарага даярданып жатсак, бир кызым акыйнектеги чоркок кыз тууралуу айтылган сөзгө чычалап, "аны мен айтайынчы, анткени мен баарын тиге алам" деп калганы эсимден кетпейт», - деди ал.
Окуучуларга сиңирген эмгеги бааланып, ал министрликтин, жергиликтүү бийликтин сыйлыктарына ээ болгон.
Каарманыбыз бош убактысында шаарга келген туристтер үчүн пано, сувенирлерди, үйдө кийүүчү саймалуу бут кийимдерди жасап, конок үйлөргө сатууга коёт.
«Үйгө кийген бут кийимдерге сайма түшүрүп жасайм. Туристтер көп кызыгып сатып алышат. Бир жуп тапочка 1000 сомдон сатылат, панолор 1500 сомдон 3000 сомго чейин бааланат», - деди ал.
Ал үй-бүлөдө да мээримдүү эне. 1998-жылы классташына турмушка чыккан. Учурда жубайлар 3 баланын ата-энеси.
«Улуу балабыз кол өнөрчүлүккө абдан шыктуу болуп чоңойду. Бирок кичинесинен кыялданган милиция кызматкери болуу тилегин ишке ашырды. Кичүү уулум студент, IT тармагында билим алат. Кызым 10-класста окуйт. Келечекте дизайнер болом деген кыялын айтып калат. Балдарымдын атасы да сүрөттү жакшы тартат, кол өнөрчүлүккө жакын. Балким ошол себептенби, үч балабыз тең сүрөттү жакшы тартышат. Көргөзмөлөргө, маданий иш-чараларга, сынактарга даярданууда мага жардам берип, ар тараптан колдоп турушат», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.