Turmush — Ош облусунун Ноокат районунда чет өлкөлүк жигит асынган абалда табылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Бул маалыматты Turmush басылмасына А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы тастыктап, маркум жигит 20 жашта болгонун билдирди.
Анын айтымында, маркум коңшу өлкөдөн Үч-Кемпир айылына келип, курулуш тармагында иштеп жаткан. Ал 2026-жылдын 15-апрелинде асынган абалда табылган.