Turmush — Бир жыл мурда эки жаранды алдап кеткен шектүү Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын май айында А. аттуу жаран Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 35 жаштагы тургунунун ишенимине кирип, мал алып-сатуу шылтоосу менен 95 000 сом акчасын бербей койгондугу тууралуу арыз түшкөн.
Ошондой эле Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын 32 жаштагы тургуну 2025-жылдын сентябрь айында А. аттуу жаран мал алып-сатуу учурунда 1 млн 260 миң сом акчасын бербей, алдап, из жашырып жүргөндүгүн билдирип, арыз менен кайрылган.
Жогорудагы фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган.
Баткен РИИБдин ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын натыйжасында издөөдө жүргөн Баткен шаарынын тургуну С.А. Бишкек шаарынын аймагында кармалып келип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Аталган жаран тарабынан алданып, зыян тарткан адамдар болсо, Баткен ШИИБге кайрылса болот. Байланыш номурлары: (03622 ) 102; 50068; +996559096609.