Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунда айыл чарбасын каттоо өнөктүгү башталды.
Кочкор райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Жакшылык Замирбек уулунун айтымында, 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоо өткөрүлөт. Ошондуктан атайын окуудан өткөн адистер райондук статистика бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте айыл чарба объектилерин каттоого чыгышты. Айыл чарба каттоосу Бириккен улуттар уюмунун статистикалык комиссиясынын сунушу менен жүргүзүлүүдө.
Айыл чарба каттоосу биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт. Негизги максаты айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келген объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуу болуп саналат.
Райондун аймагында жайгашкан мамлекеттик айыл чарба жана жамааттык чарбалары, дыйкан (фермердик) чарбалары, айыл чарба өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлердин чарбалары (жамааттык бакчалар жана огороддор) айыл чарбалык каттоого алынууга тийиш. Айыл чарбасын каттоо жердин ээлеринин жана категорияларын аныктоо үчүн жерди пайдалануу бөлүгү боюнча маалыматтарды документтик ырастоолор менен жүргүзүлөт.
Райондун калкынын саны 70850 адамды түзөт, 12187 үй чарбадан турат. Анын ичинен райондун борбору Кочкор айылында 10835 адам жашайт. Район боюнча 5 айыл аймак, 35 калктуу конуш бар.
Кочкор району боюнча 2 координатордук бөлүм, 9 инструктордук бөлүм жана 44 каттоо участогу уюштурулду. Каттоочуда жеке QR коду бар бейджиктер болот.
«Айыл чарбасын каттоонун жыйынтыктары башкы пландарда жана агрардык саясатты иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу чечимдерди кабыл алуунун негизи болуп саналат», -деди ал.