Turmush — Муразбек Керимов — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылынан чыккан акын. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.
Муразбек Керимов 1970-жылы Чолок-Кайың айылында туулган. Аталган айылда орто мектепти аяктаган. Жубайы Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет. Акындын 1 уул, 3 кызы бар. Анын «Жан дүйнө жаңырыгы» жана «Алыстагы ак жарык» аттуу ырлар жыйнагы жарыкка чыккан.
Акындык өнөр — керемет дүйнө.
Акындык өнөр демекчи, бул эми бир керемет дүйнө да... Бир жакшы сап ойго келсе же бир табияттын кооздугун чагылдырган бир түрмөк ыр жаратсаң, анын ырахатын сөз менен айтып жеткире албайсың. Мектепте окуп жүргөндө дубал гезитке бирин-экин ырларым чыкчу. Бала чакта адабий китептерге кызыгып көп окудум. Акын эргүү менен жашайт. Ал аны кандай учур, кандай кырдаал болсо да коштоп жүрөт деп ойлойм. Эми, бирөөлөр көп аракет менен ыр жаратышы да мүмкүн. Менин көп ырларым бирөөлөрдүн суранычы менен жазылса, көп ырларым өзүм мүчөсү болуп эсептелген «Поэзия ордосу» көркөм-адабий коомдук бирикмесинин тапшырмасы менен жазылды. Дегеним, бирикмеде күндө жаңы тапшырма берилип, ошол тапшырманын айланасында ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша ой чуркатат. Менин жана мен сыяктуу акындардын калеминин төшөлүшүнө бул бирикменин жана анын жетекчиси, Кочкордун Ара-Көлүнүн кызы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар кошуунунун мүчөсү Клара Ниязованын эмгеги зор.
Жаратылыш, сүйүү жана насаат
Эми жазган ырларымдын көбүндө жаратылыштын кооздугу басымдуулук кылат. Сүйүү темасындагы ырларым дагы жок эмес. Өткөн чак менен учур чакты салыштыруу, насаат ырларым дагы бар. Өткөн жылы проза жанрына көңүл буруп, аңгемелерди жазганга аракет кылдым. Алар канчалык деңгээлде максатына жетти, көркөм чыгарманын талаптарына жооп береби, аны окугандар баалайт. Кудай кааласа, кийинки китепте аңгемелер, акыйнектердин топтому басылат. Жубайым башталгыч класстын мугалими болгондуктан, жана башка адамдардын суроолору боюнча жазылган акыйнектер өзүнчө бир китепке чукулдап калды. Ырларымдын санын деле эсептебептирмин. Анын баарын эле ыр деп деле айта албайм. Арасында, өзүмө жаккандары да бар, жакпагандары да бар. Жазган ырларымдын ичинен онунан бирөө кимдир бирөөлөрдү ойго салса, демек ошол менин аз да болсо адабиятка кошкон үлүшүм деп эсептейм.
Китеп сатуу кыйын
Ооба, китепти чыгарарын чыгарып, бирок, сатуу кыйын экен ушул тапта. Өзгөчө мага окшогон айылдан ары жакка таанылбаган авторлорго кыйын. Бирок Кудайга шүгүр, дагы эле айылдаштарым үймө-үй сатып алышты. Тааныгандар, ырларымды социалдык желелерден окугандар алып жатышат. Өздөрү сурап алып кеткендер дагы болуп жатат. Андай учурда китепке кызыккандар бар экенине кубанып каласың. Көпчүлүк китеп окубай калбадыбы. Окугандар азчылык эле. Биринчи китебимди чыгарууга айылдаштар, кошуналарым демилгечи да, демөөрчү да болушкан. Бул үчүн аларга абдан ыраазымын. Экинчи китепти өзүбүз чыгардык. Уулум каржылады. Ыр жазуу көңүл толкундарын , турмуштан алган таасирлеримдин тизими. Аларды ыр аркылуу элге жарыялоо акындардын мойнундагы ырахаттуу вазыйпа.
Алтын калемгер
«Алыкул Осмонов» фондунун эстелик медалын алдым. Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата арналган ырлардын сынагына катышып, жыйынтыгында эстелик медалын алгам. 2023-жылы «Поэзия ордосу» көркөм-адабий коомдук бирикмесинин «Алтын калем» сыйлыгына жетиштим. 2024-жылы «Туран биримдиги» Орто Азия жазуучулар кошуунунун «Мыкты калемгер» сыйлыгын алдым.
Кадимки эле жашоо
Айылда жашагандыктан көпчүлүк катары эле бир аз мал кармайбыз. Темир устачылык кылат коём. Кыскасы, кадимки эле турмуш, кадимки эле жашоо. Ширетүүчү аппарат менен курулуш иштеринде иштейм. Үйдө унаа дөңгөлөктөрүн оңдоочу устаканабыз бар, ал жерде иштейм. Бирок, бизде элдин саны аз болгондуктан иштеген убагыбызга караганда бош туруп калган убактыбыз көбүрөк болуп калат. Кыскасы, ар кыл тармакта аракет кылып келебиз. Буюртма берсе баарын эле жасайм. Эшик, дарбаза, кол араба, унаа араба сыяктуу нерселерди жасайм.
Окуучу акынды колдогон окуучулар
Мектепте окуп жүргөндө дубал гезитке бирин-экин ырларым чыкчу. Бала чакта адабий китептерге кызыгып көп окудум. Эсимде, жогорку класс болуп калганда кыргыз тилчи эжеке чейректен мени «3» чыгарып койду. Сабакты жакшы окуган Алмабек аттуу классташым эжеге нааразылык билдирип, «Муразбекти "3" чыгарсаңыз, анда калган баарыбызды "2" чыгарыңыз» деп, менин чейрегимди «4» чыгарткан эле.
Айтылуу акын Байдылданы капыстан көрүү
1991-жыл болсо керек. Кадимки залкар Байдылда Сарногоевди Бишкектеги «Ош» базарынын жанында, сайдын боюндагы бозо саткан жайдан көрүп калдым. Жанымда досум бар болчу. Бир топ адамдар Байдылда Сарногоевди тегеректеп турушкан экен. Ал тегеректегендерге биз дагы кошулдук. Төрт саптан жорголотуп айта берет экен ырларын. Аңгыча, бир кара киши келип калды. Ал Жумгалдык экен. «Аты таанылбаган менен кыйын акын, Байдылда ушундан эле сестенет» деп тургандар күбүр-шыбыр болуп калышты.
Аңгыча Байдылда: «Балдар "буга тиги "кызыл жардан» деди эле, анын күйөрмандары вино куйдуруп келе калышты. Байдылда тиги кара кишиге карап «Жумгалда булар Мидин менен кошуна турчу экен, мунун таланты Мидинден өткөн буга» деп тийишип калды. Тиги кара киши дароо эле:
Тарт тилиңди,
Жамандаба Мидинди!
Жаткырып алып төгүп салам,
Бөөнүңдөгү жиниңди, деди.
«Муну гезит, журналдын редакциясына алып барайын десем өзү болбой жүрөт», - деди Байдылда. Ошентип капыстан өтүп бара жатып Сарногоевди көрүп калган элемин.
ЭЙ, ТИРҮҮЛӨР!
Эй, тирүүлөр! Бир-бириңди сактаңар,
Эй, тирүүлөр! Бир-бириңди сатпаңар!
Бир кезекте калбас үчүн өкүнүп,
Бу дүйнөдө жакыныңды барктап ал!
Эй, тирүүлөр! Эске ала жүр унутпай,
Күн келерин бул жарыктан аттанаар.
Ата-энени кубанта албайт ал кезде,
Табытына алтын жабуу жапсаңар.
Күлдүрө албайт жүрөктөрүн жылытып,
Күмбөзүнө Күндү апкелип таксаңар.
Тирүүлөрдүн болот кылган дубасы,
Жер үстүнөн барчу жалгыз кат-кабар.
Алар билгин, балдарым деп жашады,
Бала болду жыргалы да азабы.
Өз балаңа сен арнаган сүйүүнү,
Эч кеми жок алар сага жасады.
Каралдысын кем кылбашка башкадан,
Канча өтүктү жыртты алардын тапаны.
Окусун деп ойлошту алар баланы,
Ойго алышпай жок экенин чапаны.
Эресеге жеткиргендер уул-кызды,
Эч убакта болбосунчу капалуу.
Ата-энеден көзү барда алып кал,
Алга учууңа себеп болор батаны!
КУДАДАН КЕЛГЕНДЕН КИЙИНКИ ОЙЛОР
Кудага барып келдим,
Кап-кап эт алып келдим!
Келгиче сасып кетип,
Мусорго салып келдим!
Он жолу түштөндүрүп,
Он үйгө киргизишти.
Тай союп, топоз союп,
Байлыгын билгизишти.
Үйүнөн кудабыздын,
Колду беш чайкатышты.
Зорлугун кудаларым,
Мында да байкатышты.
Сулп эт жок чучугунда,
Союшу тапан чыкты.
Опол тоодой жылкы экен,
Отузу араң жыкты.
Артында мындай тойдун,
Ар кыл кеп жаралат да.
Ысырап устукандын,
Толгону ала капка.
Ыргыткан бүксүгөн эт,
Ысырап эмей эмне!
Миллиондон ашып кетти,
Сом менен ченегенде!
Бакжаңдап мактанабыз,
Балан мал сойдук дейбиз.
Эч кимдер жете элек,
Рекордду койдук дейбиз!
Азыраак ысыраптап,
Акылга келсек эмне!
Чыгымдын бештен төртүн,
Балдарга берсек эмне!
Өнүгүп доор улам,
Өйдөлөп илим турат.
Биз болсо той беребиз,
Он тогузунчу кылым сымак.
Чыгымды азайтпастан,
Көбөйтүп баратабыз .
Жыйырма кишиге арнап,
Жыйырма мал канатабыз!
Кудамды чакырганда,
Мен эми кандай кылам.
Он жерден түштөнтүүнү,
Элестете албай турам!