Turmush — 2024-жылдын 13-июлунда Чүй облусунун Токмок шаарында жаңы сейил бактын курулушу башталды.
Мэриянын маалыматына караганда, эс алуу багы №1 жана №3 кичи райондордун ортосунда жайгашат. Паркта балдар аянтчасы, спорттук аянтчалар, аллеялар, ошондой эле маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн амфитеатр да каралган.
Долбоор бир нече этап менен ишке ашат. Бул жылы келечектеги парктын үчтүн бир бөлүгүн камтыган биринчи этапты бүтүрүү пландалууда. Долбоор буга чейин республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сомдун эсебинен каржыланат.
Сейил бакты куруу боюнча келишим «Ал-Кадыр-Сантехсервис» жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлдү. Ишти бүтүрүү мөөнөтү 75 күндү түзөт.
«Жаңы парк шаардын инфраструктурасын жакшыртууда жана жашоочулардын эс алуусуна ыңгайлуу шарт түзүүдө маанилүү кадам болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКнын жетекчиси — Эген кызы Анара, түзүүчүлөрү — Эген кызы Анара, Кадырбаев Эген Кахарович. Компания 2022-жылы 15-июнда кайра каттоодон өткөн. Негизи ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.