Turmush — Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Токмок шаарындагы №7 орто мектептин ар кайсы жеринен тамчы агып жатат. Токмок шаарынын мэриясы кырдаалды көзөмөлгө алганын билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мектептин чатыры көп жылдан бери алмаштырылган эмес. Мындан улам жергиликтүү бюджеттен 16 млн сом бөлүнүп, тендер жарыяланган. Анын жыйынтыгында «Рим и Ко» ЖЧКсы 13 млн 100 сомго утуп алып, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен аталган компаниянын ортосунда келишим түзүлгөн.
Чатыр жаңыртуу иши 8-апрелден тарта башталган. Ишти бүтүрүү мөөнөтү 45 күн деп белгиленген.
«Азыр чатырдан аккан сууну жок кылуу үчүн мектептин чатырынын 20 жерине атайын тешиктер жасалды. Жакынкы арада жаратылыш кубулушунун кесепеттери жоюлуп, чатырды реконструкциялоо иши жанданат», - деп айтылат маалыматта.
- «Рим и Ко» жоопкерчилиги чектелген коому 2019-жылдын 6-декабрында мамлекеттик каттоодон өткөн.
- Компания турак жай жана турак эмес имараттарды куруу менен алектенет.
- Жетекчиси Темиров Айбек Улжабоевич.