Turmush — Топоз, асыл тукум кыргыз жылкыларынан миллион сомдон ашуун таза киреше тапкан фермер Талгат Занзалиев Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Башат айылынын 46 жаштагы тургуну. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.
«Мен 2013-жылдан бери фермермин. Топоз жана асыл тукум кыргыз жылкыларын багып келем. Топоз өзү таң калыштуу жапайы жандык. Элибизде топозду куйругу жылкыга, туягы уйга, куркулдаганы чочкого, жүргөнү эчкиге, жегени кийикке окшош деп сүрөттөшөт. Бул жапайы жандык үчүн тоют даярдалбайт. Ал суукка чыдамдуу. - 50 градус ызгаарда да кар кечип, өз тамагын өзү таап жейт. Анын 1 жашка чейинки баласын мамалак, 2 жаштан өткөндө кунан мамалак, 3 жаштан өткөндө саан топоз инек, ал эми эркеги бука деп аталат. Алгач фермерликти баштаганда түштүктүн Алай, Ноокат жергесинен 67 баш топоз алып келгем. Мен жашаган жер тоо этегинде болгондуктан алар тез эле байырлап, 200 башка жетти.
Киреше булагы жөнүндө кеп кылсак, мамалак менен торпокту салыштырууга болот. Эгер 30 миң сомго торпок сатып алып, 1 жылдан кийин сатсаң, 2-3 эсе киреше түшөт. Ал эми топоз андай эмес. Базарда өтүмсүз. Азыр аш-тойдордо союлбайт деле. Башка жапайы жандыктарга караганда бир топ өзгөчөлүктөргө ээ. Букаларынын салмагы 300, ургаачысыныкы 200 килограммдан ашат. Эти да даамдуу. Күчтүү топоздор 120 килограммга чейинки салмактагы жүктү көтөрө алышат. Алар бир түндө 60-70 чакырым жол басат. Ошондуктан, такай көзөмөл керек. Багууга жеңил көрүнгөнү менен түйшүгү түмөн. Аларды багам, сатам, союп жейбиз. Ошондой эле асыл тукум кыргыз жылкыларын да багам. Жалпы эсептегенде жылына миллион сомдон ашуун таза киреше таап жатам», - деди фермер.
Ал өз сөзүндө эми буура багып, анын санын өстүрүүгө кызыгып жатканын кошумчалады.
Фермер үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун атасы.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...