Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 27.12.2018 11:40

57 жаштагы К.Бейшекеев 11-кылымга таандык кумараны сактап жүрөт (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 57 жаштагы тургуну Куштарбек Бейшекеев 11-кылымга таандык кумараны сактап жүрөт. Өзүнүн айтымында, бул кумара төртүнчү чоӊ атасына таандык.

«Менин ата-тегим жумгалдык болушат. Бирок үчүнчү чоӊ атам Үмөт уулу Турсуналынын убагында Чүй өрөөнүнө көчүп келген экенбиз. Аталган чоӊ атам Жаӊы-Жол айылын түзгөндөрдүн бири болгон. Ошондо төртүнчү чоӊ атамдын оокат-буюмдарын кошо алып келип, ушул Токмокко салган үйүндөгү жер төлөгө сактап койгон экен. Бул кумара ошол убактарда ун, буудай сактаганга кызмат кылчу экен. Туугандардан сураштырсам, төртүнчү атама таандык деп айтышты. Өзүмдүн атам болсо Токмокто темир дөӊгөлөктүү тракторду айдап иштеген экен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×