Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусу, Токмок 22.03.2019 21:02 Жаңыланды: 09.04.2019 22:14

«Жеңеке»: «Артист келин» атка конгон Айсулуу Илепбаева (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 30 жаштагы тургуну Айсулуу Илепбаева бир топ жыл өзүнүн кесиби боюнча иштей албай жүрүп, жакында эле чыгармачылыкка аралаша баштады. Ал окуучулар үчүн жаӊы жылдык кечеге даярданып жатып, ага катышпастан жолдошуна турмушка чыгып кеткен. Ошондон улам аны кайын журту «Артист келин» деп калышкан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум Мунарбек Сырынбеков экөөбүздүн 1 кыз, 1 уулубуз бар. Чыгармачылык жана жаӊы келин болуп келгендигиме байланыштуу эсте калган бир окуя бар. Мектепте окуп жүргөндө эле ар кандай майрамдык кечелерге чыгып, өз өнөрүмдү тартуулап жүрчүмүн. 4-курста жаӊы жылдык кечеге даярданып, эртеӊ менен окуучуларга концерт тартуулайм деп жаткан маалда турмушка чыгып кеттим. Бирок "мен өнөрүмдү көрсөтүшүм керек. Мага бөлүнгөн тапшырманы ким аткармак эле" деп болбой жатып, ак жоолугумду салынып алып барып, майрамдык кечеге катышып келгем. Ошондон кийин кайын журтум мени "Артист келинибиз" деп тамашалап калышат», - деди ал.

Каарманыбыз 1988-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда төрөлгөн.

«Чыгармачылык чөйрөгө жакында эле кайра кайтып келдим. Өзүм Республикалык маданият техникумунан билим алып чыккам. Бирок турмуш шартка байланыштуу чыгармачылыктан алыстап, ишкерлик, соода-сатык менен бир топ жыл алектенип жүрдүм. Эми кайра чыгармачылыкка келип, учурда Токмок шаардык маданият үйүндө эмгектенип жатам. Ыр жазып, обон жаратам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×