Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусу, Токмок 27.12.2018 14:45

8 адамдын өмүрүн алган жол кырсык, бир заматта үйсүз калган жубайлар: Куткаруучу У.Керимовдун тажрыйбасы

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Калыгул айылында 1982-жылы төрөлгөн капитан Урмат Керимов куткаруучулук кесипти 10 жылдан бери аркалап, Токмок шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жарандык коргонуу бөлүкчөсүнүн башчысы болуп эмгектенүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жумушка киргениме бир аз эле убакыт болгон. Ошол аралыкта мынчалык чоӊ кырсыкты көргөн эмесмин. 2008-жылы 21-июнь болсо керек эле. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү туристтерди ташыган автобус авто кырсыгына кабылып, анын натыйжасында 8 адам каза болуп, дагы бир топ киши оор жаракат алган. Биз чакыруу түшөрү менен окуя болгон жерге барып, жабырлануучуларга биринчи жардамды көрсөтүп, өлгөн адамдардын сөөгүн алып чыкканбыз. Чынын айтсам, коркуп кеттим. Денем дүркүрөп чыккан. Адам экенбиз. Андан кийин көнүп кетет экенсиӊ. Азыр коркпойм. Жумушубуз ушундай болсо дагы айла жок эл кызматында жүрөбүз. Бир досум "өлгөн адамдан коркпо, тирүү адамдан корк" деп айтты эле. Ошол сөздү укканда чын эле деп калдым.

Кээде аябай жаныӊ кейиген окуялар да болот. Жабыр тарткандарды көрүп, ичиӊен кайгырасыӊ. Бирок арга барбы, аны билгизбей, өз ишимди аткарып, жардам кыла берем. Өткөн жылы кышында Токмок шаарынын тургунунун үйү толугу менен күйүп, жок болуп калды. Көчөдө калган жаш үй-бүлөнүн көз жашы азыркы күнгө чейин көз алдымда. Үйдүн кожоюну чоӊ эле киши болсо да жаш баладай ыйлаган эле. Аны далыга таптап, эмне деп сөз айтарымды билбей калгам. Кийин жумуштагы балдар биригип, колубуздан келген материалдык жардам көрсөттүк. Мэриядан да жардам берилген. Элдерге да кайрылып, жаш үй-бүлөгө ар ким колунан келгенин жардам кылып жатышты», - деди ал.

Куткаруучу оор жумуштан кийин үйгө келип, балдары менен ойноп, алар менен бирге сабак окуп эс алат.

«Биз өрт өчүрүп жатканда тегеректеги адамдардын эӊ кыжырга тийгени, артыбызга туруп алып ар кайсыны айтып сындашат, телефонуна тартып, тоскоол болушат. Үйгө келгенде балдарым менен ойноп, алар менен чогуу сабак окуп, сүйлөшүп, эс алып калам.

Негизи кырсыктын келип чыгышына адамдар өзүбүз күнөөлүүбүз. Кудай "сактансаң сактаймын" дейт го. Алдын ала сактанганды билбейбиз. Жолдо болсо жол эрежесин сактабай айдайбыз. Дайым шашып жүрөбүз», - деди ал.

Куткаруучу 1 кыз, 2 уулдун атасы.

«Мен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен транспорт, машина куруу факультетин аяктагам. Куткаруучулук кесипке 2006-жылы аралашып калдым. Ошондон бери эл кызматында эмгектенип келе жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×