Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Чүй облусу, Токмок 25.12.2018 12:33 На русском

Күндүн видеосу — Кычырыган суукта кар кечип сейилдеген ич кийимчен жигит

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын тургундары аталган шаардын көчөлөрүнүн биринде кыштын суугуна карабай ич кийимчен басып бара жаткан жигитти тасмага тартып алышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, ал үшүгөнүн билгизген эмес.

«Биз аны көрүп, чынында таӊ калдык. Биз куртка менен үшүп бара жатканбыз. Ошондо 20-декабрь болчу. Ал кадимкидей ич кийимчен басып баратты. Бир жакка шашып чуркап жөнөйбү десек, жай мезгилинде сейилдеп жүргөн кишидей баратты», - деди алар.

Ошол күнү Токмокто абанын күндүзгү температурасы - 5 градус болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×