Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусу, Токмок 24.12.2018 16:38 На русском

Башка улуттагы жигитке турмушка чыгууга даярданып жаткан А.Эгембердиева элдин ачуу сөзүнөн 15 кг салмакка арыктады

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 36 жаштагы тургуну Алтынай Эгембердиева 6 тилде ырдап, 12 жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келет. Айрым социалдык түйүндөрдө анын жаӊы жыл алды менен башка улуттун жигитине турмушка чыгуу ниети бар экени айтылып, кызуу талкууга түшкөн. Аймактык кабарчы Алтынай Эгембердиеванын болочок жолдошу тууралуу маалымат алды.

Алтынай Эгембердиева

«Айтылып жаткандар туура. Жакында турмушка чыкканы жатам. Болжол менен жаӊы жылдын алды болуп калат го. Менин колумду сурап жаткан адам башка улуттун жигити. Бирок, башка улутка турмушка чыгуума туугандарым каршы болууда. Эми Кудайым маӊдайга жазып койсо, канча киши каршы болсо да бир жигитке турмушка чыгам да. Азырынча ал кайсы улуттан, ким деген киши экенин айтпай турайын. Башка улуттан болсо эмне экен? Мен аны өзүбүздүн каада-салтка, үрп-адатыбызга көндүрүп, кыргыз тилин үйрөтүп, кадимки кыргыздын жигити кылып алам. Ушул сөздөрдүн негизинде мен акыркы күндөрү 15 кг салмакка арыктадым», - деди ал.

--------------------------------------------------

Алтынай буга чейин өзү тууралуу маалымат берип, жашоосун айтып берген.

«Мен өзүм 12 жылдан ашуун убакыттан бери чыгармачылык менен иштеп келем. Мындан тышкары билим берүү тармагында да 15 жылдай эмгектендим. Учурда Чүй райондук маданият борборунда жана "Ак-Бешим" бала бакчасында музыкадан сабак берип иштеп жатам. Мектепти аяктагандан кийин Токмок шаардык маданият колледжинен 3 жылдык музыкалык билимди алдым. Ошентип бүткүл өмүрүмдү чыгармачылыкка арнап келе жатам. Чыгармачылыкта үзүрлүү эмгектенип, бир топ ийгиликтерге жетиштим. Учурда 2 клип тарттырып, ондон ашуун чыгармаларды жаратууга жетиштик. Чыгармачылыкка келип калганымдын себеби, бала кезден кыялданчумун. Ошол кыялым ишке ашып келе жатат деп ойлойм. Ага улай ата-энем, туугандарымдын да салымы чоӊ. Кыргыз, орус, казак, англис, түрк жана өзбек тилдеринде ырдайм.

Былтыр Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Кайрат Салмакеевдин уюштуруусу менен өткөн фестивалдан 3-орунду алдым. Андан соӊ Түркияга фестивалга барып, ал жактан да ийгиликтер менен келдик. Мен жашоо-турмушумду, ойлогон ой-максатымдын баарын чыгармачылыкка арнап койгон адаммын деп ойлойм. Өзүмдүн чыгармачылыгыман жана бала бакчага сабак берүүдөн сырткары үйрөнөм деген окуучуларга эстрадалык вокалдан сабак берем. Менден тарбияланып жаткан окуучулар аймактык, "Сары-Өзөн" чолпондору аттуу фестиваль, кароо-сынактардан алдыңкы орундарды багындырып жүрүшөт. Өзүм болсо бүгүн Жумамүдүн Шералиев атындагы төш белгиге ээ болдум. Аябай сыймыктанып, сүйүнүп жатам», - деди Алтынай Эгембердиева.

Ырчы айым ата-энесинен эрте ажырап, турмушта көп кыйынчылыктарды көргөн.

«Турмуш жолунда көп кыйынчылык көрдүк. Атабыздан да, энебизден да эрте калдык. Мындай оор жоготуулардан кийин, чыгармачылыктагы түйшүк анча оор деле болбой калат. Ошол себептен, мен ар дайым чыгармалыктагы кыйынчылыктарга күлүп гана жооп берем. Менде аябай жаман сапат бар. Ал — кечиргенди билбейт экенмин. Жолдошум экөөбүз учурда эки жолго түшкөнбүз. Турмушта ар кандай болот экен. Бирок өзүмдү шайыр, көӊүлдүү алып жүргөнгө аракет кылам. Майда-чүйдө нерселерге таарына бербейм. А, бирок аябай көӊүлүм калса, мына ошону кечире албай калам», - деди ал.

Алтынай Эгембердиева Кемин районуна караштуу Кызыл-Суу айылында 1982-жылы төрөлгөн.

«Кемин районунда өсүп-чоӊойдум. Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. А, мен болсо кыздардын кичүүсү болом. Келечекте максаттарым көп. Бош убактымда үй менен алектенгенди жакшы көрөм. Биз чыгармачыл адамдар эки жакта көп жүрөбүз. Тойлорго чыгып жүрүп, кадимкидей чарчайсыӊ. Үйүӊ 2-3 күн каралбай калат. Ошентип үйгө келгенде кадимкидей эс алам. Буга улай саякаттаганды жакшы көрөм. Бош болуп калсам эле жаратылыштын кооз жерлерине кетип калам. Ал кооз жерлерден чыгармачылыкка эргүү алып келем. Жашоодогу эӊ өкүнгөнүм, ата-энем жанымда жок. Ал эми сүйүнгөнүм, кудайга рахмат айтам, эл арасында өзүмдүн талант-өнөрүмдү көрсөтүп жүрөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×