Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Чүй облусу, Токмок 24.12.2018 12:30

Жалгыздыктан дарыгерлерди «приступ» болдум деп алдап чакырган чоң апа: Э.Сатыркулованын тажрыйбасы

Turmush -  Элмира Сатыркулова 1966-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал Токмок шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 7 жылдан бери иштесе, андан мурун гинеколог болуп аялдардын ден соолугуна кам көрүп келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Гинеколог болуп эмгектенип жүрүп, кийин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна которулганда эӊ биринчи чакыруу келип түштү. Мен эми мурун бейтапты үйүнө барып дарылап, караган эмесмин да. А, бул жерде тизмеде турган майып кары адам чакырыптыр. Чакырууда туткак (приступ) деп жазылып турат. Терапевт эжеге барып, "мен коркуп жатам, биринчи чакыруу болуп жатат. Гинекология башка болчу, а бул башка да" десем, "ой, коркпо. Булар ушинтип чакыра берет. Барасыӊ, учурашасыӊ, чай берет. Чайын ичесиӊ, жылуу сөз айтып, кайра келе бересиӊ" деди. Чакырган жерге барсам, карыган апа экен. Учурашып кирдим. "Эмнеӊиз ооруп жатат, келиӊиз текшерейин" десем эле, ал мени көрүп сүйүнүп кетти да, "кое тур чай коеюн" деди. Мен баягы эженин айтканын угуп, бир чети ошол окуя башталып жатканына күлкүм келип кетти. "Чай кереги жок, мен текшерип алып эле кетейин" десем, болбой чай коюп, бал, каймак, таттууларды алып келип, дасторконду жайды. Үйдө кемпир жалгыз жашайт экен. Балдары алыс жакта, бири Россияда жашайт экен. Ушунун баарын айтып отурду. Көрсө оорубаса деле жалгыздыктан чакыра берет экен. Менин жаӊы келгенимди угуп, таанышайын деп чакырыптыр. А, менин ошол күнү дагы бир-эки чакыруум бар болчу. Мен шашып жаттым. Кемпир кетиргиси келген жок. Ошентип чай ичип, кан басымын, жүрөгүн, дем алуусун текшерип алып жолго чыктым», - деди ал.

Дарыгердин карамагында 4000 киши бар. Алардын ар биринин ден соолугуна кам көрөт.

«1990-жылы Бишкек шаарындагы медициналык институтту бүткөм. Бир жылдай Токмок шаарында интернатурада иштеп, андан кийин 3 жылдай декретте отуруп калдым. 1998-жылдан баштап азыркы күнгө чейин Токмок шаарында ооруканада иштейм. Негизи өзүм гинеколог кесибин алып чыгып, 1990-1998-жылдары гинеколог болуп иштеген соӊ, мени кайра үй-бүлөлүк дарыгерлер курсунан билим алып, ушул багытта иштөөгө жөнөтүшкөн. Ошентип 2011-жылдан баштап азыркы күнгө чейин үй-бүлөлүк дарыгери болуп эмгектенем. Менин карамагымда 4000ге жакын адам бар. Алардын ичинде чоӊдор, боюнда бар аялдар, жаш өспүрүмдөр бар. Кесибим аябай жагат. Жумушка 1-2 күн чыкпай калсам сагына баштайм», - деди ал.

Дарыгер 2 кыз, 1 уулдун апасы.

«Ооба, жумуш оӊой эмес. Оорулуу бейтаптардын ар кандай кыялдарын көтөрүп, ар кандай сөзүнө чыдап кечке чейин өз милдетиӊди так аткарганга аракет кыласыӊ. Жумуштан үйгө келе жатканда эки ийиниӊен оор салмак басып калгандай болуп, араӊ жетесиң. Бирок, үйгө келип дароо эле бутту сунуп жата калуу кайда. Үйгө келгенде бардык аялдардай эле үй жыйнап, тамак жасап киресиӊ. Россиялык телекөрсөтүүлөрдү көргөндү жакшы көрөм. Кичинекей убактым ушинтип эле кетип калат. Дем алыш күнү неберелерим менен ойноп кеч кирет.

Негизи дарыгердин өзүнөн болсо керек. Мен дайыма карап, дарылап жүргөн бейтаптарым ушул күнгө чейин мага ачуу сөз айтып, нааразы болуша элек. Кез-кезде гана тааныбаган адамдар, көбүнчө такси кызматын колдонуп калганымда, андагы айдоочулар дарыгерлер жөнүндө аябай жаман сөздөрдү айтканда уруша кетем. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» болуп бир адам үчүн баарын жаман көрүп калуу туура эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×