Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 23.12.2018 14:48

Токмокто жаңы жылга карата мыкты кооздолгон ишкана аныкталат

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында дагы жаңы жылдык балаты орнотулду. Табигый арчанын бийиктиги 14 метрге жете турганын мэриянын басма сөз кызматы аймактык кабарчыга билдирди.

«Борбордук аянтка балаты орнотулуп, ар кандай жарыктар, кооздуктар илинип, жасалгаланды. Былтыр дагы ушундай эле 14 метрлик табигый балаты орнотконбуз. Мындан сырткары "Мыкты кооздолгон мамлекеттик ишкана" сынагы жарыяланган. Анын жыйынтыгын күтүп жатабыз», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×