Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Чүй облусу, Токмок 21.12.2018 22:11

«Жеңеке»: Э.Сатыркулова жаңы турмушка чыкканда күйөөсүнүн үйүн таппай боздоп ыйлаган (сүрөт)

Turmush -  Элмира Сатыркулова жолдошу менен бөлөсүнүн үйлөнүү үлпөт тоюнда таанышып калган. Алар 29 жылдан бери бирге өмүр сүрүп, 2 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрүштү. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум мага чейин бир да кызды сүйүп көрбөптүр. "Эгер бир кызды сүйүп калсам, ошону сөзсүз алам" деп айтчу экен. 1989-жылы бөлөмдүн үйлөнүү үлпөт тою болуп калды. Күз айы болчу. Той Кемин районунда өтүп жаткан. Мен жасанып алып, Бишкектен такси менен тойго бардым. Ошондо жолдошум мени көрүп, дароо жактырып калып "мен бул кызды алам" деп айткан экен. Ушундан кийин 4-5 жолу жолугуп, баш кошконбуз. Мен анда 5-курста окучумун. Турмушка чыккандан кийин шаарга ата-энемдикине кайра барып, окуумду улантып жаттым. Жолдошум кээ бир күндөрү шаарга келип, айылдагы үйгө алып кетчү. Бир күнү ал бошобой жатканын айтып, өзүм эле келе беришимди суранды.

Турмушка чыкканыма 2 жума эле болгон. Мен барган айылды жакшы таанып биле элек болчумун. Айылга барат деген кичи автобуска отурдум. Эшик караӊгы кирип кетти. Автобустун ичи дагы жык-жыйма эл эле. Терезеден каякка жеткенибиз көрүнбөйт. "Айдоочуга айылга кайрылганда биринчи айылдамадан токтотуп коюӊуз" десем, "макул" деген. Бирок, эмнегедир убакыт көпкө созулуп кеткенинен, кайра кайталап айтсам, "ал жактан өтүп кеттик, ооруканадан токтойм, ошол жактан түшүп калыӊыз" деп калды. Мени менен чогуу 2-3 аял дагы түшүп, бирок алар өйдө кетишти. А, менин колумда торт дагы бар болчу. Кайнимдин туулган күнүнө деп сатып алгам. Жолдон жолуккандардан кайын атамдын атын айтып, каяк жагына барам деп сурасам, "силер өтүп кеттиӊер, дагы ылдый баскыла" деп калды. Эшик аябай караӊгы болуп кетти. Же мен айылды билсемчи. Анысы аз келгенсип айылдын жанында мүрзө дагы бар экен. Коркконумду сурабагыла. Улам бир биздикине окшош дарбазанын түбүнө барып шыкалап карап коем. Ичинен ит ажылдап үрүп калат. Мен ызааланып ыйлап да кирдим. Бир маалда көчөнүн башынан бир баланын карааны көрүндү. Карасам кайним экен. Аны көрүп ыйлап жиберсем боло. Анын артынан эле жолдошум чыгып калды. Алар автобустун өтүп кеткенин көрүп, издеп башташкан экен. Баштыгымды жолдошума түртүп берип, чоӊ үйгө кирип, керебетке жатып алып боздоп ыйлап кирдим. Жолдошум келип алып "эмне болду, бирөө тийиштиби? Бирөө катуу сүйлөдүбү?" деп сурады. Анын артынан кайын энем, кайын сиӊдим, кайним кирип келип бүт баары эмнеге ыйлап жатканымды сурап калышты. Эч нерсе болгон жок деп, ызааланып ыйлап жатам. "Биз сени тамак ичпей күтүп жатканбыз. Манты жасаганбыз" деп улам бирөөсү келет. Бир аздан кийин бетимди жууп бардым. Кайнимдин туулган күнү деп боенуп да алгам да. Анын баары жаш менен кошо бетиме агыптыр. Ошентип өзүмө келип, тортумду чыгарып, кайниме деп алган моюн орогучту белек кылып берип отуруп калдым», - деди ал.

Элмира Сатыркулова 1966-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн.

«1990-жылы Бишкек шаарындагы медициналык институтту аяктап, бир жыл Токмок шаарында интернатурадан өтүп, андан кийин 3 жылдай декреттик өргүүдө отуруп калдым. 1998-жылдан баштап азыркы күнгө чейин Токмок шаарында үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенүүдөмүн.
Кудайга шүгүр, жолдошум экөөбүз бактылуу үй-бүлөнү түптөп, уул-кыздарыбызды тарбиялап өстүрдүк. Ал мени аябай сыйлайт. Келечекте ушул уул-кыздарымдын чайын ичип, небере-чөбөрөлөрдүн бактысына бөлөнсөк дейм. Анан да Кыргызстаным бай, өнүккөн мамлекет болсо деген тилегим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×