Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Чүй облусу, Токмок 17.12.2018 10:01

Токмокто жаӊы жылга карата өрт коопсуздугу боюна түшүндүрүү иштери жүрдү (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жаӊы жыл майрамына карата өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Жаңы жыл майрамынын жакындашы менен бардык аймактарда өрт кырсыктарынын коркунучу көбөйөт. Балдардын жардыргыч заттарды жардыруусу көптөгөн өрт кырсыктарынын келип чыгуусуна себеп болот. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп мугалимдерине өрт кырсыктарын алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү» - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×