Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 15.12.2018 16:37

Футболчу А.Иманбековдун командасы испаниялык «Барселона» катышкан турнирде күч сынашты (сүрөт)

Turmush -  Токмоктук Адилет Иманбеков 11 жылдан бери футбол ойноп келет. Ал быйылкы жылы Польшада өткөн «Futsal Masters-2018» эл аралык турнирине командасы менен барып катышып келди. Өзүнүн айтымында, буга чейин Азиядагы оюнчулар бир дагы жолу аталган турнирге катышкан эмес. Аймактык кабарчы спортчудан кабар алды.

«Ушул 2018-жыл мен үчүн жакшы жылдардан болду. Атап айтсам, "Алга" футзал клубу менен Кыргызстандын суперлигасынын финалына чейин чыгып, тилекке каршы экинчи орунду алып калдык. Август айында Польшага "Futsal Masters-2018" эл аралык турнирине барып келдик. Аталган турнирде испаниялык "Барселона", Украинанын "Ураган" жана "Сокол", Франциянын чемпиону "KB United", даниялык "Копенгаген" жана башка командалар болуп, жалпы 8 тайпа күч сынаштык. Жыйынтыгында 5-орунду алдык. Бизге чейин бул мелдешке азиялык командалар катышкан эмес. Биздин команда биринчилерден болуп катышты.

"Барселонанын" экинчи тайпасы профессионалдар экени белгилүү. Мелдеш аябай курч мүнөздө өттү. Бул мелдешке баруу үчүн биз алгач Бишкектен Астанага, Астанадан Киевге учтук. Андан кийин Киевден Варшавага, Варшавадан Вроцлав деген шаарга эки күндө араӊ жеттик.

Азыр мен "Строймир" аттуу жаӊы тайпада ойной баштадым. "Алга" тайпасында болсо 2,5 жыл ойнодум. Ошол эки жарым жылдын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жеттик. "Алга" тайпасына ыраазычылык. Башка тайпага кеткенимдин себеби, жаӊы жылда жаӊы командада ойноюн дедим», - деди ал.

Адилет Иманбеков 1995-жылы Токмок шаарында төрөлгөн.

«11 жылдан бери футбол ойноп келем. Ага чейин күрөш менен машыгып жүрдүм. Бир күнү мектептеги Бахрам Касабаев аттуу агайым мени футбол ойноого алып кетти. Андан соң ал мага "футболду жакшы ойнойт экенсиӊ, күрөштү ташта" деп айтты. Мен көп ойлонбой макул болуп, ошондон бери футбол ойноп келем. Жетишкен ийгиликтерибиз көп. 2011-жылы жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болгонбуз. Андан кийин Чүй облусунда өткөн мелдеште 2-орунга илинип, Азия чемпионатына катышууга жол ачылган. Спорт аркылуу 7-8 чет өлкөнү кыдырып келдим. Алсак, Казакстан, Түркия, Иран, Россия, Кытай, Тайланд жана башка мамлекеттерди көрүп келдик», - деди футболчу.

Адилет Иманбеков Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде билим алууда.

«Мен үйдө жалгыз баламын, ата-энем үчөөбүз эле жашайбыз. Учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 4-курсунун студентимин. Футболдон тышкары бийлегенди жактырам», - деди ал.

Ал үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×