Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусу, Токмок 14.12.2018 11:36 На русском

Сүрөт — Токмокто сасып кеткен эркек кишинин жансыз денесин кудуктан алып чыгышты

Turmush -  Токмок шаарында кудуктун ичинде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-декабрда саат 14:46да ӨКМдин №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Жантай көчөсүндө жайгашкан кудуктун ичинен эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Шаар тургундарынын айтымында, белгисиз адамдын денеси карарып, сасып кеткен.

«Биз ары-бери өткөндө бир сасык жыт пайда болуп, кадимкидей жыттана баштаган. Алгач мал-жандык же ит-куштун өлүгүн ушул тегерекке таштап кетишкен го деп ойлогонбуз. Көрсө кудуктун ичинде өлгөн адамдын денеси жаткан экен. Анын жатканына болжол менен 4-5 күн болгон окшойт», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×