Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Чүй облусу, Токмок 07.12.2018 11:26 На русском

Токмоктук аял 17 миң еврону алдап алган. Шектүү кармалды

Turmush -  Чүй облусунда мыйзамсыз тармактык маркетинг түзүп, жарандарды алдап жүргөн аял милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИБдин маалыматы боюнча, жабырлануучулардын ичинен алгачкылардан болуп арыз жазган 51 жаштагы Р.А. Токмок шаарынын тургуну. Ал алдамчыга 2018-жылдын башында акча берген. Аны тармактык маркетингге каттап, ай сайын каражат алып турасың деп ишендирген болчу. Р.А. жалпысынан 17 миң евро берип, бирок ал акчасын да, кирешесин да көргөн эмес.

Ушул сыяктуу арыздардын негизинде шектүү катары Токмок шаарынын 39 жаштагы тургуну Б.Н. (аял киши) кармалды. Ал жалпысынан ушул сыяктуу 29 фактыга шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×