Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусу, Токмок 03.12.2018 09:48 На русском

Жаш талант: 11 жаштагы Актилек Ч.Айтматовдун каармандарынын сүрөтүн тартып, музейге тапшырууну көздөйт (сүрөт)

Turmush -  11 жаштагы Актилек Ишенбеков пластилин, кагаз, гипстен ар кандай буюмдарды, жомоктун каармандарын жасайт. Ал бул иш менен 4 жашынан бери алек. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Актилек 2007-жылы 15-январда Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары камтылган сүрөттөрдү тартып, жазуучунун Таластагы музейине өткөрүп берүүнү көздөйт.

«Учурда Токмок шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №8 орто мектебинин 5-классынын окуучусумун. Кол өнөрчүлүк менен 4 жашымдан бери алектенип келем. Негизи өзүмдүн шыгым бар болчу. Кошумча мектептен ийримге барып, өнөрүмдү өркүндөтүп келе жатам. Кол эмгек сабагынан пластилин, гипс менен ар кандай буюмдарды, жомоктун каармандарын жасайм. Андан сырткары оюнчук унааларды кооздоп, интернеттен көргөн буюмдарды жасайм. Аларга керектүү нерселерди ата-энем атайын базардан сатып беришет. Эмгектерим менен көптөгөн кароо-сынактарга катышып, бир топ сыйлыктарды алдым. Мындан сырткары бийге да шыктуумун. Келечектеги максаттарым көп. Буйруса Кыргызстанга атагым чыккан сүрөтчү-скульптор болгум келет. 7-классты аяктап, Бишкектеги сүрөт жатак мектебине тапшырып, андан ары окуумду улантсам дейм», - деди ал.

Актилек үй-бүлөдө жалгыз бала.

«Үйдө чоң атам, чоң апам, атам, апам менен жашайм. Азырынча бир туугандарым жок. Кудайым буйруса келечекте бөбөктөрүм болот деп үмүттөнөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×