Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 28.11.2018 10:13 На русском

Өнөктөштүк төрөткө кирип, эс-учун жоготкон ата: Медайым А.Мухамедованын кызыктары (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусундагы Токмок шаарынын тургуну Анара Мухамедова 39 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет. Алгач Бишкек шаарындагы ооруканада, кийин 13 жыл Ош облусунда иштесе, 1994-жылдан бери Токмок шаардык төрөт үйүндө талыкпай эмгектенип келет. Анара айым өнөктөш болуп аялы менен чогуу төрөт бөлмөсүнө кирген ата эсин жоготуп жыгылганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Өнөктөштүк төрөткө бир аялдын жолдошу кошо кирип калды. Башында шымаланып, жакшы эле жардамдашып жаткан. Төрөт башталганда баягы киши эс-учунан танып жыгылып калды. Биз ортодо эмне кыларыбызды билбей калдык. Ал кишини эсине келтирели десек, аялы мына-мына төрөйм деп жатты. Айтор, күйөөсүн эсине келтирүүнү билбей же аялын төрөтүүнү билбей, бир саамга дендароо боло түштүк. Ошентип бирибиз ал кишини эшикке жетелеп чыгып, кире бериштеги отургучка отургузуп, суу бердик. Калганыбыз аялды төрөтүп жаттык. Ушундай жана башка окуялар бизде көп эле болот. Кээде аларды эстеп жылмайып күлүп калабыз», - деди ал.

Анара айым: «Мектептен кийин Токмок шаардык медициналык окуу жайдын медайым бөлүмүндө билим алып, аны 1979-жылы аяктагам. Эмгек жолумду ушул эле жылы Бишкек шаарынын №3 балдар ооруканасынан баштагам. Андан соӊ Ош облусунун Ноокат районунда 13 жыл эмгектенип, кийин Чүй облусунун Токмок шаарына келдим. Ошондо 1994-жылдары болсо керек. Учурда Токмок шаардык ооруканада төрөт үйүнүн гинекология бөлүмүндө медайым болуп иштеп жатам. Албетте, жумушубуз жеӊил эмес. Абдан эле оор. Бирок ошого карабай ар бир келген бейтапка жетиштүү көӊүл бурабыз. Ар бир ишти жоопкерчилик менен аткарууга туура келет. Ошентип үйгө чарчап келебиз. Бирок үйдөн "энелеп" тосуп чыккан неберелериӊди көрүп, чарчаганыӊ жазылат.

Жумушта ар кандай бейтаптар болот. Сөздөн, иштен кыйкым издегендер да болот. Дарыланып, жакшы болгонуна сүйүнүп, эмне айтарын билбей калган бейтаптар да көп. Кээси жаӊы кирип келгенден баштап эле катуу сүйлөп, үстөмдүк кылып, бизди жек көрө баштайт. Андайларга көӊүл бурбай, өз ишибизди аткара беребиз», - деди.

Анара Мухамедова 1959-жылы 24-мартта Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн.

«Жолдошум экөөбүз 1981-жылы Бишкек шаарында таанышып, ушул эле жылы баш кошконбуз. Ал ошондо Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти болчу. Экөөбүз "Октябрь" кинотеатры жактан кокусунан жолугуп калып, таанышып калганбыз. Азыр кудайга шүгүр, бактылуу үй-бүлөнү кура алдык. Экөөбүздүн үч уул, бир кызыбыз, алты неберебиз бар. Кызым Махабат жеке ишкер. Улуу балам Максат инженер-энергетик болсо, кичүү балам Алмаз соода тармагында иштейт. Уул-кызымдын жашоо-турмушу жакшы болсо, неберелерим жакшы адам болуп чоңоюшса, алардын жакшылыктарын көрсөм жана Кыргызстандын келечеги оӊолуп, жашообуз тынч болсо деп тилейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×