Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Чүй облусу, Токмок 27.11.2018 08:32

Бала бакчада эле жигит кармагам: К.Элисбекова Токмоктогу сулуулук сынакта алдыңкы орунду ээледи (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 15 жаштагы тургуну Каныкей Элисбекова «Токмок слуусу 2018» сынагында «Биринчи вице сулуу наамын» жеңди. Turmush басылмасынын кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бош убактысында сүрөт тартып, спорт менен алектенгенди жакшы көрөт.

«Негизи мектепте активист катары, ар түрдүү кароо-сынактарга катышып келем. Мектепте өткөн сулуулар сынагына катышып байгелүү орундарга жетишип келгем. Ал эми «Токмок сулуусу 2018» сынагына өзүмдү сыноо үчүн катыштым. Анан да эмнегедир жеңишке жетем деген ой менен катыштым. Бул бардык кыздарда эле болобу же мен эле ушундай ишенимдүү ой менен катыштымбы билбейм, айтор жеңилип калуу боюнча кыпындай да ойлогон жокмун.

Бош убактымда сүрөт тартканды абдан жакшы көрөм. Кызыктуу чыгармаларды да жакшы окуйм. Ошондой эле спорттон 2 жылдай баскетбол менен волейболго катышкам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле бала бакчага барып жүргөн учурдагы кызыктуу окуяны эскерди.

«Бир окуяны азыркыга чейин үй-бүлөбүз менен эстеп күлө беребиз. Аябай эсте калган окуя болгон. Анда мен бала бакчага барчумун. Күндөрдүн күнүндө апам мени бала бакчадан алып кеткени келди. Анан мен алгач апама чуркап барып, колунан жетелеп бөлмөбүзгө киргизип, кайра бир баланы көздөй чуркап барып, аны жетелеп апама алып барыптырмын да «апа, бул менин жигитим» деп айтыптырмын. Азыр эстесем, эмне деген ой менен ошенткенимди билбейм», - деди ал.

Каныкей учурда Токмок шаарында №7 мектепте 10-класста оку жатат. Кийин экономикалык тармак боюнча билим алгысы келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×