Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 23.11.2018 14:04

«Тоноого эмес, атайын өлтүрүү үчүн келгендей»: Эки уулунан ажыраган үй-бүлөгө кол салгандар бир жылдан бери табыла элек

Turmush -  Өткөн жылдын 27-декабрынан 28-декабрына караган түнү Токмок шаарындагы жеке турак үйгө белгисиз бирөөлөр кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салып, анын кесепетинен эки адам каза болгон. Камил Балинов окуя болгон күнү оор жаракаттан улам кѳз жумса, 22 жаштагы иниси ооруканада ээсине келбей каза болгон эле. Маркумдардын атасынын эгизи Карим Болинов аталган каргашалуу окуя боюнча жүрүп жаткан тергөө иштери тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Бир жылга жакындап калды. Тергөө иши жүрүп жатат, бирок али күнгө чейин күнөөкөрлөр табыла элек. Мен бир илинчек табылбай жатканына таӊ калып жатам. Тергөөчүлөр улам келип сураштырып, иштеп жатышат. Бирок жылыш жок. Ошол кылмышкерлер эмнегедир тоноо үчүн эмес, атайын эле өлтүрүү үчүн келгендей. Балдардын апасы жана келинибиз өздөрүнө акырындан келип жатышат. Бирок дагы деле ооруканага барып турушат», - деди ал.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бул кылмыш иши боюнча ыкчам иликтөө иштери уланып жаткандыгын билдиришти.

«Бул окуя боюнча ИИМ, Чүй ОИИБ жана Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан комплекстүү ыкчам иликтөө иштери уланууда», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Буга чейин Токмок шаарындагы жеке турак үйгө белгисиз бирөөлөр кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салышкандыгы кабарланган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, үйгө кол салуу 2017-жылы 28-декабрга караган түнү болгон. Анын кесепетинен шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 3 адам — 1973-жылы туулган К., 1995-жылы туулган Б., 2001-жылы туулган Л.Р. оор абалда жеткирилген. Ал эми, 1993-жылы туулган Б.К. ооруканага жеткенден кийин каза болгон. Андан кийин 22 жаштагы Б. ооруканада эс-учуна келбей каза болгон.

Чүй ОИИБден маалымдашкандай, Токмок ШИИБге райондук ооруканадан белгисиз бирөөлөр жеке турак жайды тоноого кирип, анда жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө залал келтиргендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Чүй ОИИБдин жана Томок ШИИБдин ыкчам-издөө тобу ишти иликтөөгө алып, кылмышка тиешеси бар адамдарды издеп жатышат.

Ал эми Токмок аймактык ооруканадан билдиришкендей, 28-декабрда саат 06:50дө оор абалда үй-бүлө мүчөлөрү — 4 адам келип түшкөн. Алар:

- 1973-жылы туулган К.Д. — үй-бүлөнүн апасы. Баш мээси чайкалган. Баш жана бет сөөгүнөн жаракат алган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган;

- 1995-жылы туулган Б.Э. баш сөөгүнөн бир нече жаракат алып, чыкый сөөгү сынган (көз жумган);

- 2001-жылы туулган Л.Р. баш сөөгү сынган, мээси чайкалган. Анын 8-9 айлык боюнда болгон.

- 1993-жылы туулган Б.К. жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×