Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 23.11.2018 15:32

«Жеңеке»: К.Абдысакованын жаш курагын жолдошу үйлөнгөндөн кийин билип, таӊ калган (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 27 жаштагы тургуну Камила Абдысакова жолдошу менен социалдык түйүндөрдөн таанышкан.

Камила Абдысакова 1991-жылы 1-март күнү Беловодск айылында төрөлгөнүн айтты.

«Жолдошум Рустам экөөбүз социалдык тармактардан таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Ошондо мен 23 жашта болчумун. Баш кошкондон кийин, тактап айтканда бир жарым ай өткөндөн кийин туулган күнүмдү белгиледик. Ошондо жолдошум менин 24 жашка толгонумду угуп аябай таӊ калган. Көрсө ал мени 20 жашка толду деп ойлогон экен. Ишенбей, паспортумду караган. Сүйлөшүп жүргөндө жашымды эч сураган эмес. Баш кошкондо дароо нике күбөлүгүн алган эмеспиз. Ушул окуя такыр эсимден кетпейт. Жолдошум 1987-жылы туулган», - деди ал.

Камила жеӊенин бир уул, бир кызы бар.

«Рустам экөөбүздүн Саадат аттуу кызыбыз жана Нурис аттуу уулубуз бар. Кудайга шүгүр, экөөбүз бир түтүн булатып, бактылуу үй-бүлөнү кура алдык. Аял кишинин эӊ негизги максаты, тилегени — ушундай бактылуу үй-бүлө куруу. Жолдошум келечекте алмаз ташы бар шакек белекке алып берем деп кыялданып жүрөт. Жолдошумдун чечкиндүүлүгү, эрктүүлүгү жагат. Эӊ биринчи орунга үй-бүлөсүн коёт.

Мурда бош убактымда ыр жазганды жакшы көрчүмүн. Азыр үй-бүлө менен ыр жазганга убактым деле жок. Эгер бош болуп калсам йога менен алектенем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×