Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 22.11.2018 10:18

Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 12 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 22-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Сокулук районунун Сокулук айылындагы турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүндө өрт чыгып, шыбы күйүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле электр зымдарынын кыска туташуусунан Токмок шаарынын 3-кичи районундагы батирде өрт чыгып, үй эмеректери күйүп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×