Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 21.11.2018 12:05

Жаш талант: Жашоосун футболсуз элестете албаган Адил мелдештен утулганда ыйлап жиберген (сүрөт)

Turmush -  Чүйдөгү Токмок шаарынын 15 жаштагы тургуну Адил Рустамбек уулу 3 жылдан бери футбол ойнойт. Ал келечекте Кыргызстандын курама тайпасы менен Европадагы мелдештерге катышууну көздөп жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Адилдин футбол ойноп калуусуна бир тууган агасы себеп болгон.

«Азыр футболсуз жашоомду элестете албайм. Футбол менин бүтүндөй жашоом болуп калды. 3 жыл аралыгында бир топ мелдештерге катышып, тайпабыз менен Кыргызстандагы жаштар арасында өткөн футбол мелдешинде 3-орунду алдык. Келечекте өлкөмдүн желегин желбиретип, дүйнөгө тааныткым келет. Кыргызстандын курама тайпасы менен Европада ойногум келет», - деди ал

Адил футболго катуу берилгендиги үчүн утулуп калганда көзүнө жаш алып, ыйлап жиберерин кошумчалады.

«Утулуп калсак аябай ызаланып, ыйлап жиберген учурлар да болгон. Бир жолу өспүрүмдөр арасында өтө чоң мелдеште жарым финалга чыктык. Ошончо көп тайпанын ичинен жарым финалга чейин барыш да оңой болгон жок. Тайпабыз менен финалга чейин барсак деп аябай үмүт кылдык. Оюн аябай жакшы болуп, бири-бирибиз менен катуу тирештик. Акыркы мүнөттөрдө бишкектиктер дарбазага кол киргизип, утулуп калдык. Бирок акыркы мүнөттөргө чейин аракет кылдык. Гол киргизе албай калганыбызга ызаланып, көзүбүзгө жаш алган элек. Айрымдары ыйлап да жиберишти», - деди ал.

Жаш футболчу 2003-жылы 18-февраль күнү Токмок шаарында төрөлгөн. Аны ата-энеси дайыма колдоп келишет. Учурд №7 орто мектепте 9-класста окуп жатат. Футболдон сырткары күрөшкө да кызыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×