Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Чүй облусу, Токмок 20.11.2018 14:08

Айыл турмушу: Индиядагы Азия чемпионатында ойногон футболчу М.Айтбаевдин ийгиликтери (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 18 жаштагы тургуну Малик Айтбаев 10 жылдан бери футбол ойноп, эл аралык мелдештерге чейин барып катышып келет. Ал Индиянын Гоа штатында жаштар арасында өткөн Азия чемпионатында Кыргызстандын курама тайпасы менен бирге 1-орунду багындырып келди. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 10 жылдан бери футбол ойноп келем. Эстесем, тээ тестиер кезимде эле футболго жакын экенмин. Короодо өзүм теӊдүү балдар менен таӊдан кечке топ тээп, футбол ойноп эле жүрчүбүз. Ошентип кийин райондук, облустук деңгээлдеги мелдештерде ойноп, кийинки жылдары эл аралык мелдештерге катыша баштадым. Алардын ичинен Азия чемпионатынын тандоо турунда 1-орунду камсыздап, финалга чыкканбыз. Бул 2015-жылы болгон. Австралиянын курама тайпасын жеӊип алганыбызда сөз менен жеткирип берүүгө мүмкүн эмес сезимдерге курчалганбыз. Баарынан да Кыргызстанымдын желеги желбиреп, биздин атыбыз чыгып, элдин көбү колун чаап, куттуктап жатканда сүйүнгөнүӊөн көзүӊ жашылданат экен. Мындай сезим Иорданияны да жеӊип алганда болду», - деди.

Малик Айтбаев: «Бул жаштар арасындагы Азия чемпионаты Индиянын Гоа шаарында өткөн. Гоа шаары кооз экен. Туристтерге жергиликтүү эл өзүнүн жакшы жагын көрсөтүүгө аракет кылып, меймандостугун тартуулашарын байкадым. Ал эми тамак-ашы жагынан бир аз көйгөйлөр болду. Көнүп кеткиче жей албай жаттык. Биз жаткан мейманканада океан маӊдайыңан көрүнөт экен. Анын кооздугун алаканга салып койгондой бир керемет көрүнүш. Тейлөөлөрү болсо жогорку деңгээлде. Бирок, өтө эле нымдуу экен. Алгачкы күндөрү көнүп кетүүгө кыйын болду», - деди ал.

Малик Айтбаев 2000-жылы 22-майда Токмок шаарында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө жалгыз баламын. Апам Жыпаркүл Акбаева, атам Канат Айтбаев. Азыркы учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде экономикалык факультетинде окуйм. Мындан бөлөк пианино черткенди жакшы көрөм. Аны болсо өзүм эле үйрөнүп алгам. Ошондой эле теннис ойнойм. Келечекте Кыргызстандын курама тайпасы менен дүйнө мелдештерине чыккым келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×