Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусу, Токмок 20.11.2018 12:53

Токмоктук куткаруучулар Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасын сахналаштырышты (видео, сүрөт)

Turmush -  Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бөлүмдөн билдиришти.

«Көркөм сөздүн алпы, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата сахналаштырылган сценкалар коюлуп, сүрөт сынактары жарыяланды. Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасындагы "маӊкурт" терминин баса белгилеп, анын маанисин чакан сценка менен жеткирүүгө аракет кылдык», - деп айтылат маалыматта.

Маңкурт – тарыхый эс-тутумун, адеп-ахлактык, руханий баалуулуктарын жана багыттарын, ошондой эле өз эли менен болгон байланышын жоготкон адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×