Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 24.11.2018 20:30

Айыл турмушу: 800 кг салмакка чейин эт берген букаларды баккан А.Байсалов 3 уюн 150 000 сомдон сатты (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну Азамат Байсалов 20 жылдан бери мал чарбачылык менен алектенип келет. Ал учурда эт жана сүт багытындагы уйларды багып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Азамат Байсалов 1976-жылы Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында туулган. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын бешинчиси. 1993-жылы Бишкек шаарындагы Соода техникумунда билим алып баштап, ал жерден 1996-жылы бухгалтер кесибин алып чыккан.

«Азыр менин карамагымда 4 түрдүү тукумдагы уйлар бар. Алар — голштин-фриз, симментал, англерс, абердин-ангус. Ушул тукумдагы уй жана букаларды кармайм. Бул уйларды уруктандыруу жолу менен көбөйткөнбүз.

Кыргыз элинде жакшы сөз бар: "Иштесең тиштейсиң" деген. Ошондуктан иштеш керек. Бул тукумдагы уйларды багуу көп эмгекти талап кылат. Ар бир малды режимге киргизүү керек, бир убакта жемин, суусун берип туруу зарыл. Мындай тукумдагы малдардан пайда көрүү үчүн музоолорун сатпастан, 1-2 жыл багыш керек.

Ар бир уй 20 литрден 35 литрге чейин сүт берет. Букалар 500 кг салмактан 800 кг салмакка чейин эт берет. Мисалы, голштин-фриз тукумундагы уйлардын салмагы 800 килограммга чейин барат. Англерс тукумундагы уйларды алып келүү ниетим бар. Биздин климатка, тоолуу райондорго туура келет. Мага мал багууга үй-бүлөм жардам берет. Келечектеги максатым — Кыргызстанда эт жана сүт багытындагы уйлардын санын көбөйтүү», - деди ал.

Жакында эле Сокулук районунда жашаган тургун Азамат Байсаловдун 3 уюн ар бирин 150 000 сомдон баалап алып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×