Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусу, Токмок 19.11.2018 10:40

Токмокто 2 «Мерседес» кагышып, 56 жаштагы адам жаракат алды

Turmush -  Кечээ, 18-ноябрда Токмок шаарында 2 унаа кагышып, 56 жаштагы адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 14:00 чамасында Совет менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда «Мерседес-Бенц-124» үлгүсүндөгү унаа менен «Мерседес-Бенц Е220» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен 1962-жылы туулган Н.Б. аттуу адам жаракат алган. Куткаруучулар жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×