Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Чүй облусу, Токмок 19.11.2018 10:16

«Жеңеке»: Балачактагы досуна турмушка чыккан А.Бейшенбаева жолдошунун алгачкы белегин эсинен чыгарбайт (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 28 жаштагы тургуну Аида Бейшенбаева жолдошу менен кичинекей чагынан дос болгон. Ал анын алгачкы белегин эсинен чыгарбайт. Жеӊеке менен аймактык кабарчы таанышты.

«Экөөбүздүн баш кошконубузга 5 жыл болду. Биз мектеп куракта эле бири-бирибизди таанычубуз. Ал биздин мектептин жанындагы №2 орто мектепте билим алчу. Мындан сырткары жакын да жашачубуз. Экөөбүз ошондо эле дос болуп, чогуу ойноп, мектепке чогуу барып-келип жүрчүбүз. Кийин мектепти аяктап, жогорку окуу жайда окуп жүргөндө 2 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, андан кийин баш коштук.

Жолдошум үйдүн кичүү баласы. Эрке бала болуп чоӊойгон окшойт. Эч нерсе кылчу эмес экен. Биз үйлөнгөндөн кийин кыш жакындап, суук түшө баштаганда терезе-эшиктерди жылуулайм деп базарга барып, керектүү материалдарды сатып келди. Эрте эле жылуулап кирсе, кайын эжем көрүп алып, "үйлөнсө эле оокат кылып турбайбы" деп күлгөн. Көрсө мурда суук жакындамак турсун, суук түшкөндө да "мына жасайм" деп араң жасачу экен», - деди ал.

Аида Бейшенбаева: «Экөөбүз жаӊы үйлөнгөн жылы менин туулган күнүмө бир күн калганда достору менен эшикке чыгып кетип калды. 27-сентябрь туулган күнүм болсо, 26-сентябрь күнү кечинде достору менен кеткен. Түнкү саат 12:00дөн кийин куттуктайбы деп күтүп жатсам жок. Бир маалда телефон чалып, "эшикке чыксаӊ" деп калды. Эшикке чыксам, колунда бир букет гүл бар экен. Жанындагы дос баласы "көчөдөн терип келди" деп күлүп калды. Сыртынан гезит менен ороп алыптыр. Розалары да узун-узун кесилиптир. Бирок чын жүрөктөн аракет кылып, алып келгени билинип турду. Ошол белеги эсте калган», - деди ал.

Аида Бейшенбаева 1990-жылы Токмок шаарында төрөлгөн.

«№1 Чүй орто мектебинде окуп, Туризм академиясын аяктагам. 2 кызыбыз бар. Улуу кызым 4 жашта, экинчи кызым 2,5 жашта. Жолдошум экөөбүз теӊ соода тармагында эмгектенебиз. Бош убактым болуп калса китеп окуганга аракет кылам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×