Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 16.11.2018 08:49

Фото – Токмокто эң сулуу деп табылган 19 жаштагы К.Жээнбековага кандай жигиттер жагат?

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында өткөн «Токмок сулуусу - 2018» сынагын жеӊип алган Камила Жээнбекова келечекте өзүнүн бий тобун ачкысы келет. Аймактык кабарчы жеңүүчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал сулуулар сынагына биринчи жолу катышты.

«Сулуулар сынагына биринчи жолу катыштым. Сыртынан оӊой көрүнгөнү менен түйшүгү жеңил эмес экен. Оор эле болду. Бирок уюштуруучулар жакшы даярданышыптыр. Бардыгы жакшы өттү.

Менин хоббим бийлөө. Убакытты текке кетирбей, бийчилер менен атайын иш-чараларга, майрамдарга же сынактарга катышып турабыз. Келечекте бийчилерден турган атайын топ түзсөм деген тилегим бар.

Мындан тышкары спорт менен дагы машыгам. Көбүнчө баскетбол ойнойм», - деди ал.

Жээнбекова Камила Бишкек шаарында 1999-жылдын 30-октябрында төрөлгөн.

«Мен Бишкек шаарында төрөлгөнүм менен Токмок шаарында өсүп-чоӊойдум. Токмок шаардык №2 орто мектептен билим алдым. 2017-2018-окуу жылынын бүтүрүүчүсүмүн. Эми жогорку билим алууну пландап жатам.

Мага боорукер, камкор, сөзүнө турган, жоопкерчиликтүү, мырза деген сөзгө татыктуу жигиттер жагат. Учурда сүйлөшкөн жигитим бар» - деди ал.

Буга чейин 14-ноябрда Токмок шаарында «Токмок сулуусу-2018» сынагы өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 19 жаштагы Камила Жээнбекова баш байгени жеӊип алгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×