Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 15.11.2018 11:33 На русском

Видео, сүрөт — 19 жаштагы Камила Жээнбекова Токмоктун сулуусу деп табылды

Turmush -  Кечээ, 14-ноябрда Токмок шаарында «Токмок сулуусу-2018» сынагы өткөрүлдү. Ага он чакты кыз катышып, жыйынтыгында 19 жаштагы Камила Жээнбекова баш байгени жеӊип алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

16 жаштагы Каныкей Элисбекова биринчи вице-сулуу болду.

1-вице

16 жаштагы Касиет Мамырова экинчи вице-сулуу аталды.

2-вице

Уюштуруучулардын бири Айбек Насековдун айтымында, кыздар сынакка 3 тур менен тандалган.

«Сынак абдан жакшы өттү. Албетте, бүткөн ишке сынчы көп дейт. Кемчиликтер кетсе кеткендир, бирок көрүүчүлөрдүн купулуна толду десем болот. Сынакка жалпы 10 кыз катышты. Биз буга чейин 3 тур менен сынак өткөргөнбүз. Ага жалпы 26 кыз катышып, андан оноо эле калган.

Сынакта 5 тапшырма берилди. Өзүн тааныштыруу, улуттук кийим сынагы, жакшы көргөн тамагын жасоо, өнөр көрсөтүү жана кечки көйнөк сынагы болду. Сынактын ортолорунда Токмок шаарынын бийчилери, ырчылары тамашоучулары көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытып отурушту. Кант шаарынан келген Баястан аттуу бала алып баруучу болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×