Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 14.11.2018 21:01

Айыл турмушу: Токмоктук мушкер Тыныстан Алынбеков Азия чемпиону аталды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 20 жаштагы тургуну — мушкер Тыныстан Алынбеков Бишкекте өткөн эрежесиз эр таймаш боюнча Азия чемпиондугунда 1-орунду багындырды.

Тыныстан жарым финалдагы атаандашы күчтүү болгонун жашырган жок.

«Спорт сүйүүчүлөр арасындагы Азия чемпиондугунда 66 кг салмактагылар менен беттештим. Менин салмагымдагы мушкерлер көп болду. Жарым финалда беттешкен атаандашым чынында күчтүү экен. Экөөбүз 3 раунд катуу беттешип, акырында аны жеңип алдым. Финалдык беттеш бир аз жеңил болду. Атаандашымды 2-раундда утуп, 1-орунду багындырдым. Абдан кубандым, залда атам, машыктыруучум, досторум бар эле. Алар дагы абдан кубанышты», - деди ал.

Ал буга чейин өзү тууралуу айтып берген болчу. Тыныстан Алынбеков 5 жылдан бери эркин күрөш менен машыгып, ушул жылдан баштап эрежесиз эр уруш боюнча беттештерге чыга баштады. Ал буга чейин жөн гана спорт сүйүүчүлөр арасында беттешип келсе, Токмок шаарында өткөн эл аралык мелдешке чыгып, тажрыйбалуу спортчулар арасында күчүн сынаган.

«Спортко бала кезден абдан кызыкчумун. 5 жылдан бери эркин күрөш менен машыгып келе жатам. Ал эми эрежесиз эр уруш боюнча беттештерге ушул жылы эле чыга баштадым. Жетишкен ийгиликтерим көп эле. Эркин күрөш боюнча бир топ эл аралык мелдештерде жеӊүүчү болгом. Ал эми эрежесиз эр уруш боюнча буга чейин жөн гана спорт сүйүүчүлөр арасында беттешип келсем, жакында эле Токмок шаарында өткөн эл аралык мелдешке чыгып, тажрыйбалуу спортчулар арасында күчүмдү сынадым. Атаандашым өзбекстандык спортчу Ибрихим Абдикаримов болду. Ал мени менен тең экен, бирок ал мага караганда 3 жылдан бери эрежесиз эр урушка чыгып келиптир. Абдан күчтүү экени билинип турду. Ар бир беттешке чыгарда, жеңериме ишенип туруп чыгам. Мында да жеӊериме ишендим. Ошентип биринчи эле раундда атаандашымды техникалык нокаут менен уттум. Андан бир сокку алдым, бирок өтө катуу сокку болгон жок», - деген ал.
Тыныстан Алынбеков 1998-жылы Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Маданият айылында төрөлгөн.
«2016-жылы Чүй айылындагы Султан Ибраимов атындагы №2 орто мектепти аяктап, азыркы учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде 3-курста билим алып келем. Азыр бойдокмун. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Төртөөбүз теӊ эркек балдарбыз. Мени ар дайым колдоп келген атам Султанбекке, апам Дамирага ыраазымын. Келечекте Кыргызстанымдын атынан дүйнөгө чыгып, көптөгөн жеӊиштер менен келсем дейм», - деген ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×