Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 30.11.2018 22:09

Жаш талант: Мушкер Эржан Ташиевден корккон атаандашы аны менен беттешүүдөн баш тарткан (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 13 жаштагы тургуну Эржан Ташиев 4 жылдан бери бокс менен машыгат. Анын спортко келүүсүнө агасы түрткү болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

Эржан 6 жашында апасынан айрылган. Жаш спортчуга атасы, эжеси жана агасы колдоо көрсөтүп келишет.

«Апам оорудан улам каза болгон. Мен аны абдан сагынам. Биз үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, эжем жана байкем бар. Спортко бир тууган байкем алып келип, бокс жана эрежесиз эр уруш менен машыгып келе жатам. Өзүм Токмок шаарындагы №9 орто мектепте 7-класста окуйм», - деди ал.

Жаш мушкер Токмок шаарынын 4 жолку, Чүй облусунун 2 жолку чемпиону. Ошондой эле ал Азия чемпиондугунда 2-орунду алган. Ушул эле чемпионатта Эржандан корккон атаандашы аны менен беттешүүдөн баш тарткан.

«Бул мелдеште 40 кг салмактагылар арасында 4 беттеш өткөрдүм. Биринчи атаандашымды белгиленген мүнөттөн эрте колун кайрып, утуп алдым. Экинчи беттеште атаандашымды калыстардын чечими менен 3-0 эсебинде утуп алсам, үчүнчү атаандашым коркуп, беттешке чыкпай койду. Финалга чыгып, тилекке каршы утулуп калдым, атаандашым дароо эле колумду кайрыды. Бирок 2-орунду алганыма шүгүр, буга да кубанычым чексиз. Ушундай ийгиликтерге түрткү болгон атам, эжем, байкем жана машыктыруучума ыраазычылык билдирем.

Келечекте дүйнөгө атагым чыккан чемпион болгум келет. Спорт мен үчүн ден соолуктун булагы», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×