Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 13.11.2018 10:29

Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 6 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 13-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Токмок шаарындагы турак үйдүн 66 чарчы метр ашканасы толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Ысык-Көлдөгү Тоң районунун Оттук айылында бастырманын 15 чарчы метр чатыры жана 50 түк чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×