Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 12.11.2018 10:41

Токмокто турак үй өрттөнүп, Аламүдүндө мончонун чатыры күйдү

Turmush -  Токмок шаарындагы Өзбек көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыкты. ӨКМдин бүгүн, 12-ноябрдагы маалыматы боюнча, ашкана бөлмөсүнүн 200 чарчы метр чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Азырынча өрттүн себеби белгисиз.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Аламүдүн районунун Мыкан айылында жайгашкан мончодо өрт чыкты. Анын 35 чарчы метр чатыры күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Отко этиятсыздык менен мамиле кылуунун кесепетинен Ысык-Көлдөгү Тоң районунун Бөкөнбаев айылында турак үйдүн 75 чарчы метр аянты күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×