Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусу, Токмок 01.11.2018 08:05 На русском

Тагдыр: Манжалары жок төрөлгөн Э.Усубакунов ырчылар менен тең тайлашып ырдап, тойлордо кызмат кылат (видео, сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну Элдияр Усубакунов манжалары жок төрөлгөн. Тактап айтканда, аны эки колунда тең манжалар жок. Ал ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, үйдөгү кара жумуштун баарын жасап, ырчылык өнөрү менен тойлордо кызмат кылат. Буга чейин Элдияр мырза 6 жылдай такси кызматында да иштеген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Элдияр Усубакунов 1987-жылы 21-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.

Бутум баса электе эле ырдачумун

Ата-энем Кумтөрдө көп жыл эмгектенишкен. Атам жер төлөдө, апам ашпозчу болуп иштеп, Жети-Өгүздө жашачу экенбиз. Менин оюмча, ушундай төрөлүп калышыма ошол Кумтөрдүн зыяны себеп болгон. Ал жакта тубаса майыптардын көп төрөлөрүн угуп калам. Бирок мен буга нааразы эмесмин. Мүмкүн кудайым ушундай жараткандыр.

Менин бутум 2 жашка чамалап калганымда араӊ басыптыр. Бирок тилим эрте чыгыптыр. Бутум баса электе эле, жерге отуруп алып «Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнаган» деген ырды ырдачу экенмин. Ошентип эс тартып чоӊойгондо деле ырдап жүрдүм. Бирок жашоо шартка байланыштуу ырчылык өнөрдү өз убагында уланткан жокмун.

Учурда той үстүндө жүрөм

Кара-Балтада 3-4 жылдай, кийин Бишкек шаарында такси кызматында эмгектенгем. Элдер үнүӊ жакшы деп айтышканынан, өзүм да ырдаганды жакшы көргөнүмдөн, ушул ырчылык өнөрдү аркалап көрсөмбү деп ойлодум. Балким ушуну менен үй-бүлөмдү багам дедим. Ошентип былтыркы жылдан бери тойлордо, майрамдык кечелерде ырдап жүрөм. Алгач карапайым элге таанылып, алардын батасын алсам, андан ары келечегим жакшы болуп кетер.

Алгачкы сынак

Өзүм 9-классты аяктаган соӊ, медреседе окугам. Музыкалык билимим жок. Бир жолу бир тойго конок болуп барып, ырдап калдым. Ошол жерден кудалар тараптан бирөөлөр келип, сунуш киргизип калышты. «Жумамүдүн Шералиев атабыздын 100 жылдык мааракесине карата сынак болот. Ошого барып көр, жакшы ырдайт экенсиӊ» деп айтышты. Менин музыкалык билимим жок болсо, ал жакка кантип катышам деп турсам, тааныштарым музыка жазып беришти. Бирок өзүмө туура келбеген ырды тандап алыптырмын. Өзүмө жаккан ырлардан тандасам болмок экен деп калдым. Ага улай өмүрүмдө алгачкы жолу чоӊ сынакка катышып жатканыма байланыштуу да аябай сүрдөдүм. Бирок ага болбой Чүй облусу боюнча 1-орунду алдым. Ал эми республика боюнча Самара Каримова 1-орунду алган. Негизи эски, мааниси тереӊ ырларды жакшы көрөм.

Бардык жумушту жасайм

Үйдөгү тиричилик оокатты өзүм эле жасайм. Кээде ширеткич менен буюмдарды жасайм. Кишилердей кармай албасам да, өзүмө эптүү кылып кармап, оокат кыла берем. Ат дагы минем.

Бала кезимде ата-энем Москвага ооруканага алып барышыптыр. Биригип калган кичинекей эки манжам бар. Ошолорду бөлүп, протез кийгизели дешкен экен. Бирок ошол кезде союз таркап, ызы-чуу болуп жаткандыктан ата-энем мени кайра Кыргызстанга алып кетип калышыптыр.

Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Улуу балам 4 жашта болсо, экинчи уулум 1 жаш 8 ай болуп калды. Жайылга 2000-жылы көчүп келгенбиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×