Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусу, Токмок 30.10.2018 16:52

Токмокто Комсомолдун 100 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарында Комсомолдун 100 жылдыгына карата 300 кишинин катышуусунда иш-чара болуп өттү. Ага комсомол ардагерлер чакырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаардык мэриясынан билдиришти.

«Мааракеге ардагерлерден сырткары мектеп окуучулары, аскер адамдары да чакырылган. Ошондой эле Чүй жана Кемин районунун ардагер комсомолдору да конок катары чакырылды. Эӊ башкы докладды Токмок шаардык комитетинин мурунку биринчи катчысы Малабаева Фатима Аманбаева окуду. Андан кийин ардагерлер Арзымат Сулайманкулов, Бекжан Асанов, Айнагүл Сулаймановалар да сөз сүйлөштү», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Иш-чаранын алкагында сыйлыктар, төш белгилер тапшырылып, концерттик программа менен коштолду. Токмок шаардык комитетинин архивиндеги сүрөттөрдөн жасалган слайд-хроника көрсөтүлүп, «Комсомолго кабыл алуу» аттуу сценка коюлду. Концерттик программада жалаӊ союз кезиндеги ырдалып жүргөн ырлар жаӊырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×