Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусу, Токмок 26.10.2018 13:42

Бешбармакка камыр унуткан той ээси жана сөз таппай микрофонду конокторго карматкан тамаданын жоруктары

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 39 жаштагы тургуну Асхат Эрмеков тойлорду башкарып, эрке баланын кызматын он жылдан бери аркалап келүүдө. Ал аймактык кабарчыга өзүнүн эӊ алгачкы алып барган тоюндагы эсинен кеткис окуяларды айтып берди.

«Эң алгачкы тоюм эсимден кетпейт. Тойго аз күн калганда уктабай калгам. Кантип өткөрөм, эмне деп сүйлөйм деген ой менен аябай кыжаалат болгом. Ошентип той башталды. А, менин сөзүмдүн башы бар, аягы жок. Эмне деп сүйлөп жатканымды өзүм да билбейм. Бешбармак тартаар мезгил келгенде, той ээлери анын камырын унутуп калып, дүкөн издеп кетишиптир. Той өткөргөн тараптан бирөө келип, "убакытты чоюп тур эми" деп кетип калды. Өзүм араң алып барып жаткан жаным эмне кыларымды билбей калдым. Эптеп ар нерсени сүйлөп, микрофонумду ар кимге карматып жүрө бердим. Ошентип той саат бирлерде бүттү. Эң кызыгы той ээси аябай ыраазы болуп, ыраазычылыгын айткан болчу», - деди ал.

Асхат Эрмеков ар түрдүү кардарлар болорун, анын көбү ыраазычылыгын билдирип түгөтө албаса, айрымдары той бүткөн соӊ киши тааныбай каларын айтты.

«Ар бир тамаданын башынан ар түрдүү окуя өтөт. Ар түрдүү кардарлар болот. Мисал кылып айтсак, кээ бир кардарлар сени менен сүйлөшүп коюшуп, кайра башка арзан тамада издешет. Тойго жакын калганда башкага сүйлөшүп алдык деп коюшат. Ал үчүн биз башка кардарлардын сунушун албайбыз да. Албетте, баары эле ушундай дегенден алысмын. Мындайлар чанда гана. Кээ бир той ээлери ырахматын айтып, белегинен бери берип, кийит кийгизгенге чейин барат. Кээ бир жерде той бүткөн соң, ыраазычылык эмес жөн эле киши тааныбагандай мамиле кылып, акчасын бергиси келбей араң берген учурлар болот. Бирок андай адамдар аз кездешет. Ар бир адамдын пейилине жараша болот. Тойго келгендердин кээси мас болуп калып, эрке балага асылгандары да болот. Бирок "мастан жинди качып кутулуптур" дегендей теңелбейбиз. Сиздики туура, сиз жакшысыз деп качып кутулабыз», - деди ал.

Асхат Эрмеков: «Улуу тамада агалардан үлгү алдым. Андан тышкары кудай берген шык-талантым бар экен, ошондон улам тамадалык өнөрдү аркалап калгам. Бир жагынан келинчегимдин дагы салымы бар. Тамадалык өнөргө аралашканыма 10 жылдан ашып калды. Ошондой эле ырчы, комузчулук өнөрдү аркалап келе жатам.

Жылдан жылга жаңылануу менен эле келе жатам деп ойлойм. Мезгилдин агымынан калбай, тойду элдин талабына ылайык алып барууга аракет кылам. Өзгөчөлүгүм – кыргыздын нукура эски сөздөрүн колдонуу менен, комуздун үнүн өчүрбөй келем. Билимим жогорку. Кыргыз улуттук консерваториянын элдик вокал жагын бүтүргөм. Агайым, устатым – КРдин эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев.

Башынан эле чыгармачылык жаатында иштегем. Токмок шаардык маданият үйүндө эмгектендим. Азыркы учурда музыка сабагы боюнча мугалиммин», - деди ал.

Асхат Эрмеков 1979-жылы 8-декабрда Нарын облусунда төрөлгөн.

«Нарынданмын. Моңолдор уруусунанмын. Токмоктун тургуну, Мухтардын уулу болом. Үй-бүлөлүүмүн. Келинчегим Жалал-Абаддын кызы, аты Адина. Ал да чыгармачыл адам, комуздан сабак берет. Тойго экөөбүз чогуу чыгабыз. Ал "Жар-жар" айтат. Адина экөөбүздүн үч уулубуз бар. Улуусу Самат – ырчы. Ал 5-класс. Экинчиси Аят – томпок балам. Ал 3-класс. Кенжеси, эркеси – Умар 5 жашта», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×