Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Чүй облусу, Токмок 28.10.2018 19:05

Жубайлар: Бегайым апа таажеңесинин тармал чачтуу инисине турмушка чыгып, бактылуу үй-бүлө түптөдү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусундагы Токмок шаарынын тургундары — 69 жаштагы Өмүркул Абдыкеримов менен 60 жаштагы Бегайым Эдилалиева 42 жылдан бери бирге түтүн булатып, бактылуу жашап келишет. Бегайым апа таякесинин үйүнө конокко барганда таанышкан тармал чачтуу жигитке турмушка чыкканын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Өзүм Ысык-Ата районунун Ак-Сай айылында төрөлүп өстүм. Мектепти бүтөрүм менен өзүм жактырып калган жигитке турмушка чыгып кеткем. 1976-жылы Токмок шаарынын Кегети айылына таякелеримдин үйүнө конокко барып калдым. Таажеңемдин тармал чачтуу, сулуу иниси бар экен. Таякелерим ага турмушка чыгууга көндүрүп башташты. Мен да көпкө кылыктанган жокмун. Анткени болочоктогу жолдошум Өмүркул дароо эле жаккан. Ошентип конокко келип, ойдо жок жерден турмушка чыгып калдым. Анда 18 жашка чыга элек болчумун. Жогорку окуу жайга тапшырбай калып, өмүр бою Токмоктогу фабрикада эмгектенип, пенсияга чыктым.

Жолдошумдун мага арнап чыгарган ырлары эң жагымдуу белек болгон. Ар бир туулган күнүмдө ыр жазып берчү. Кудайга шүгүр, жолдошум экөөбүз бактылуу үй-бүлө түптөп, бирге түтүн булатып жашап жатабыз. Жалпы 5 балалуу болгонбуз, бирок экөө чарчап калды. Бир кызым турмушка чыкса, эки уулум үй-бүлө курду. Ошондой эле 4 неберебиз бар», - деди ал.

Бегайым апа Токмок шаарындагы кол өнөрчүлөр биригип ачкан топто эмгектенип, кыздарга сеп даярдап, кошумча киреше табат.

«Токмоктогу тааныш эже топко чакырып, ал жерде иштеп калдым. Ал эже бир жылдан кийин көз жумду. Андан кийин биздин топ "Арзуу булак" федерациясы деп аталып калды. Андан бери 11 жыл өттү. Кол өнөрчү айымдар менен бирге кыздарга сеп даярдайбыз. Эгер кардар кездемесин алып келсе, тигүү иштери үчүн акы төлөйт. Төшөктөрдүн баасы 2,5-3 миң сомго чейин жетет. Ал эми бир кыздын себи 25-50 миң сомго чейин бааланат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×