Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 14.10.2018 20:25

Айыл турмушу: Таякесинин балдызына ашык болгон футболчу Т.Макеев сегизинчи айдын сегизинде үйлөнүү тоюн өткөрдү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 21 жаштагы тургуну Тумар Макеев 4-классынан бери футбол ойноп келет. Ал бир топ ийгиликтерди жаратып, Тайландга чейин барып келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Футболго 4-5-класста кызыктым. Акырындан мектеп ичиндеги мелдештерде ойноп жүрүп, кийин чоӊ оюндарга чыга баштадым. Ошол күндөн баштап азыркы учурга чейин бир гана футбол менен алектенип келе жатам. Мындайча айтканда, менин жашоом ушул футбол менен байланыштуу. Футболдогу эӊ биринчи машыктыруучум Таалай Рыскелдиев деген агайым болгон.

"Абдыш-Ата", "Sun City", "Жакшылык" футболдук клубдарында ойноп, бир топ ийгиликтерге жетиштим. Кыргызстандын курама командасы менен бирге Тайланддын Бангкок шаарында өткөн Азия оюндарына барып да катыштым. Жакында эле Токмок шаарында өткөн оюнда "Мыкты коргоочу" наамы менен сыйландым», - деди ал.

Футболчу Тайланддагы беттешти айтып берди.

«Биз Тайландга 2017-жылы бардык. Оюнга он чакты мамлекеттен келген командалар катышты. Алсак, Кыргызстан, Иран, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Тажикстан, Тайланд, Моңголия, Кытай,Тайвань жана башкалар. Албетте, оюн жакшы сезимдерди калтырды. Толкундоолор, сүрдөгөн учурлар да болду. Жергиликтүү эл футболду жакшы көрүшөрүн баамдадым. Ал эми Бангкок шаары кооз, эли адамгерчиликтүү экен. Аба ырайы болсо нымдуу. Эшикте жүргөндө тердеп, майланышып кетет экенсиң», - деди ал.

Тумар Макеев таякесинин бир тууган балдызына ашык болуп калган.

«Мен Токмок шаарында төрөлүп, ушул жерде өстүм. Атам Майрамбек Макеев жана апам Асел Момункулова мени дайыма колдоп келишет. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз. Милана аттуу карындашым бар.

Келинчегим Альбина экөөбүз таякемдин үйлөнүү тоюнда таанышып калдык. Ал таякемдин бир тууган балдызы болот экен. Чынын айтсам, бир көрүп эле жактырып калдым. Экөөбүз 2,5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Туугандарыбыз каршы болгон жок. Ал ушул эле Токмоктун Он-Биржылга айылынан болот. Ошентип экөөбүз ушул жылдын сегизинчи айынын сезинде баш коштук», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×